Кыргызстанда кыйноолорго каршы улуттук борбор иштеп баштайт

Бүгүн президент Атамбаев кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай да абдан кубаттоодо.
Айнура 2-3 жылдан бери инисинин укугун коргой албай барбаган жери калбаптыр. Адам өлтүрдү деген айып менен бир жыл убактылуу абакта отуруп, биринчи соттук инстанцияда акталып чыкканын айтат. Бирок, ишти кайра жандандырып азыр кайрадан айыпталып жаткан экен.
-“Көчөдөн эле рейд жүрүп атат деп салып кетип, адам өлтүрдү деп айыптап коюшту. Сабагандан кабыргасы сыныптыр, бүт денесин эзип салып, заарасынан кан чыкты. Тез жардамды чакыртсак абалы өтө начар дешти. Ошол бойдон бир жыл убактылуу абакта жатып, биринчи сотто акталып чыккан. Анан кайра ишти жандандырып, эми шаардык соттун өкүмүн күтүп атабыз”, - дейт Айнура.
Белгилүү актриса Сабира Күмүшалиеванын кызы Нуржамал Рыскулова да кыйноо эмне экенин жакындан билет. Уулуна адам өлтүрдү деген айып коюлуп, кыйноо жолу менен моюнга алдырышкан экен.
-“Башына пакет кийгизиптир, аябай сабаптыр, эстен танып калганча урушуптур, моюнга алам деп жазбасаң ушундай болот деп атып жаздырып алышыптыр”, - дейт Нуржамал Рыскулова. Ал өзү өзү юрист болгондуктан уулунун кашы-каны калганча коргоп, акыры уулун актап чыгып милиция кызматкерлерин айыпталуучунун ордуна отургузган. Бул иш боюнча бир нече милиция кызматкерине карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, сот иши уланууда.
Улуттук борбордун ишке кириши менен бул сыяктуу фактылар кескин азаят деп ишенет өлкө акыйкатчысы Турсунбек Акун. “Анткени борбордун кызматкерлери эч кимга көз каранды болбойт, каалаган убакта жабык абак жайларга эркин кирип, бардык фактыларды каттаганга укугу болот”, - дейт ал.
Кыргызстанда кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун түзүлүшүн Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары да кубаттады. Атап башында Бишкекке иш сапары менен келген Нави Пиллай айым муну менен Кыргызстан алдыга дагы бир кадам таштаганын айтты:
-“ Мен Кыргызстанды кыйноолорго каршы борбор жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы менен куттуктагым келет. Бул мыйзам акыйкатчы институту, Жогорку Кенеш, жарандык коом, эл аралык уюмдардын 4 жылдык биргелешкен эмгегинин натыйжасы болду. Мен өлкө президентин кыйноолорго каршы күрөшкө баш-көз болуп, мындан ары бул коркунучтуу өнөкөткө жол бербөөгө чакырдым”.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда 2009-жылга чейин кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши дээрлик козголгон эмес. Бул кыйноолор ага чейин болгон эмес дегенди түшүндүрбөйт, алар көз жаздымда калып келгенин далилдейт дешет укук коргоочулар. Ал эми 2010-жылдан 2012 жылдын аралыгында кыйноо боюнча 68 учур катталган. Соңку айларда эле ички иштер кызматкерлеринин мыйзам бузуулары боюнча 286 факт анык болуп, 38 кызматкерге кылмыш иши козголгон.





























