Акчалууларга эшик ачыкпы?

Published

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк атуулдар үчүн кыймылсыз мүлк сатып алууга болгон тыюуну алып салуу демилгесин көтөрүүдө. Адистердин айтымында муну менен түз инвестиция тартуу жеңилдейт.

Бирок, бул демилге боюнча коомчулуктун көз карашы бир кылка эмес. Айрымдар ансыз да миңдеген кыргызстандыктар турак-жай ала албай жүргөн учурда кыймылсыз мүлктүн баасы кескин көтөрүлөт деп чочуса, айрымдар өз үйүбүздөн кожоюндукту тарттырып жиберебизби деп чочулап турушат.

Ысымын жашыруун бойдон калтырууну суранган адам кыргызстандагы турак-жайын жергиликтүү атуулдарга тарттырып жиберген чет өлкөлүк жарандардын бири экенин айтып берди. Анын айтымында бир нече жыл мурда Бишкекке келип, ижара төлөп отурбай деп өзүнө батир сатып алат. Бирок, чет өлкөлүк жарандарга үйдү каттатуу мүмкүн эмес болгондуктан бизнестеги ишенчиликтүү өнөгүнүн атына жаздырып алат. Бирок, кийин сотто да ал турак-жайга болгон укугун коргой албай калган экен.

Акчалуу чет өлкөлүктөрдү тартуу үчүн кыргыз өкмөтү мындай чектөөлөрдү алып салууга ниеттенүүдө. Эгер чет өлкөлүк жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алуу укугу берилсе түз инвестиция тартуу кыйла жеңилдейт деп күтүлүүдө. Өкмөттүн көздөгөнү Индия, Кытай сыяктуу чоң рыноктор үчүн ар кандай кызмат көрсөтө турган борборго айлануу. “Ааламдашуу шартында Кыргызстан мындай кадамдарга барышы керек. Акчалуу инвесторлор келип бизден үй сатып алып жашаса эмнеси жаман”, - дейт Борбор Азия эркин институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев. Акт:

Бирок, коомчулукта өкмөттүн демилгеси боюнча көз караштар бир кылка эмес. Чочулоо менен карагандар да бар. Жеке ишкер Инабат Юсупова бир нече жылдан бери турак-жай алуу үчүн акча топтоп келгенин айтат. Эгер чет өлкөлүктөргө да батирлер сатыла баштаса алардын баасы асмандап жергиликтүү кыргызстандыктар сатып ала албай калат деп чечулоодо. Ишкердин айтымында бийлиги алсыз, мыйзамдар жакшы иштебеген өлкөдө мындай нерсе коопсуздукка да коркунуч алып келиши мүмкүн. -“Мындай шартта катардагы кыргызстандык турак-жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ансыз да өз жеринде үй-жайы жоктор канча. Акчалуу чет өлкөлүктөр келет да турак-жайга ээ болуп өзүлөрүн кожоюн сезип башташат. Буга жол берүү мүмкүн эмес деп ойлойм”, - дейт ишкер

Кыргызстан мыйзамдарында азыр чет өлкөлүк ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүүгө толук шарт түзүлгөн. Жергиликтүүлөр менен дээрлик бирдей шартта эркин иштей алышат. Бирок, алар жеке менчикке кыймылсыз мүлк сатып ала алышпайт. Ошондуктан чет өлкөлүк ишкерлер жергиликтүү өнөктөрдү таап, алардын атына турак-жай, жер сатып алып келишкен. Бирок, юридикалык жактан алганда ал мүлккө чет өлкөлүк жарандын эч кандай тиешеси жко болгондуктан, алдап кеткен шылуундар да көп болот экен. Андыктан чет өлкөлүк ишкерлер ушундан чочушат. Эми кыргыз өкмөтү мындай тыюуну алып салууга ниеттенүүдө.