Россия Кыргызстанда курулчу ГЭСтердин 50 пайыз акциясына макул
Россия менен Кыргызстан ГЭС куруунун шарттарын макулдашып бүтүп калганын “Коммерсант” гезити жазып чыкты. Эртең кыргыз премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кремлде жолугушууларда ГЭСтерди куруунун жаңы шарттарын сүйлөшмөкчү.
Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча бир чечимге келген сыяктуу. Мурда Москва бул ГЭСтердин 75 пайыз акциясын сурап жаткан. Кыргызстан буга көнбөй, элүү-элүүдөн бөлүшүү жөнүндө сунушун берип, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан эле. Кремлдеги булактардын билдиришинче сүйлөшүүлөр аяктап калды, тараптар акцияларды тең экиге бөлүү жөнүндө эң биринчи макулдашуунун шарттарына кайтып келишти.
Бирок Россия ГЭСтерди кургандан кийин да алар өзүн актаган деңгээлге чыкмайынча өзү башкара турган болууда. Андан сырткары Россия ГЭСтерди куруу учурунда аны бардык салыктардан бошотууну сураган. Ошондой эле ГЭСтер курулуп бүткөндөн кийин да аларды өзүн актамайынча киреше салыгынан, сатуу салыгынан жана жер салыгынан бошотуу маселеси коюулууда.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жалпысынан Москва менен ГЭС куруу маселесинде тил табышуу болгонун ырастап, бирок конкреттүү түрдө ырастап айта элек.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов эртең Москвага иш сапар менен барат. Кремлде боло турган премьер-министрлердин сүйлөшүүсүндө ГЭС куруунун жаңы шарттары талкууланмакчы.
Россия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти курууга эки миллиард доллар каражат жумшоону пландаштырууда.

























