Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Кызыл-Кыя шаары боюнча бөлүмү Сириядагы жаңжалга катышуу үчүн чыгып кетиши мүмкүн деп айтылып жаткан жарандардын бири өлкө ичиндеги аэропорттордун биринен кайра кайтарылып, экинчиси Түркиядан кайтып келгенин билдирүүдө.
Биз атайын оперативдүү иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Кызыл-Кыя шаарынан ар кандай жолдор менен Түркияга окууга кеттим, Орусияга, Сочиге кеттим, Прибалтикага иштегени кеттим деп ата-энелерин алдап, ар түрдүү жолдор менен чыгып кетишкендер болгон,- деди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Кызыл-Кыя шаары боюнча жетекчиси Замирбек Жолболдуев. - Биз ушундай жол менен кетүүгө ниеттенгендердин бирин аэропорттон кайтардык. Дагы бир жаран Түркиядан кайтып келди. Калгандары Түркиянын ар кайсыл медреселеринде, ар кандай шаарда окуп жатышыптыр деген маалымат бар.
Өткөн айда балдары Кыргызстандан чыгып кеткен ата-энелерден арыз түшүп, алар Сириядагы жаңжалга аралашуусу мүмкүн деген жоромолдор айтылган эле. Бул боюнча атайын кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин балдардын айрымдары Түркиянын аймагында деген маалыматтар болгон. Бирок коомчулукка ачык, так маалыматтар айтыла элек.
Түркиядан кайтып келген бала ата-энесине да, укук коргоо органдарына да эч нерсе айтпай жатыптыр, - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбанаалы Узаков. - Кимдир бирөө үгүттөп алып кетти дегенге азырынча ал бала маалымат айткан жок. Сирияны баруу максаты болгонун да ачык айтып берген эмес. Азыр балким бул баланы кимдир бирөө коркутуп койгондур, же башка себеби бардыр. Акырындык менен бул маселе ачыкка чыгып, кандай себеп болгону айтылат.
Кызыл-Кыя шаары боюнча балдары Сирияга кетиши мүмкүн деген шек менен жети ата-энеден арыз түшкөнү айтылган. Алардын бири баласы Түркиянын аймагына окуу үчүн келгенин айтып, телефон чалган. Бирок так дарегин айтпай жатыптыр.
Бул ата-энелердин азыр балдары жөнүндө так маалыматтары жок. Сирияга кетиши мүмкүн деген чочулоолоруна эмне себеп болгондорун да айтуудан карманып жатышат.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бир күн мурун диний кырдаалды талкууга алган жыйын өткөрүлдү. Жыйында айрым кыргызстандык жарандардын Сирия жаңжалдарына катышуу үчүн Түркияга барган деген фактылар боюнча сөз болду.
Бул маселени алгач парламент депутаттарынын бири айтып чыгып, Кыргызстандын Кызыл-Кыя жана Араван аймагынан ондон ашуун адам Сирияга согушка кетиптир деген маалымат тараган. Бирок коомчулукка ачык, так маалыматтар айтыла элек. Буга чейин Араван райондук бийлиги диний кырдаалды талкууга алган жыйын өткөрүп, аймактан Сирияга кетиши мүмкүн деп айтылган балдар туралуу маалымат такталган жок деп билдирген эле.




