
Жети-Өгүздө абал турукташканына байланыштуу, чукул кырдаал алынышы мүмкүн
Жети-Өгүз районунда абал турукташып, өзгөчө кырдаалды алып салуу боюнча жарлыкка президент кол койду. Ал эми Кумтөрдө иш дээрлик толугу менен жанданып, кенге өндүрүш жана турмуш-тирчилик үчүн керектүүлөрдүн баары жеткирилүүдө.
Кумтөрдө иш дээрлик толугу менен жанданып, кенге өндүрүш жана турмуш-тирчилик үчүн керектүүлөрдүн баары жеткирилүүдө. Бул туурасында тоо кенчилер профсоюзу билдирди.
Ал эми соңку окуялар кандай чыгымдарга алып келгени азырынча санала элек.
Ал эми Жети-Өгүз районунда абал турукташып, мындан улам өзгөчө кырдаал жана комменданттык саат алынып салынды.
Жети-Өгуз районунун коменданты болуп дайындалган ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиев, аймакта абал турукташып, кадимки турмуш калыбына келгенин айтып, комендаттык сааты алып салуу боюнча президентке кайрылган.
Өткөн апта соңунда Кумтөр кенине нааразы болгон жергиликтүү эл менен өкмөттүк күчтөр каглышып, эки тараптан тең кишилер жабыркаган болчу.
Президент Жети-Өгүздө чукул кырдаал жарыялап, кечки саат тогудан таңкы алтыга чейин комменданттык саат киргизилген болчу.
Ишемби күнү өлкөнүн премьер-миинстри Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүзгө барып, кыргыз өкмөтү Центерра менен сүйлөшүп жатканын, Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген жаңы келишим түзүлөөрүн билдирген соң эл тараган.




