BBC

BBC navigation

Данияр Үсөнов он беш жылдык абак жазасына кесилди

Соңку жаңыланышы: 11-июнь, 2013 - 03:59 GMT
Данияр Үсөнoв 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өлкө сыртына чыгып кеткен.

Данияр Үсөнoв 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өлкө сыртына чыгып кеткен.

Бишкектеги сот мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду шаардын мэри болуп турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланып, парк аймактарын мыйзамсыз сатып жиберген деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды.

Данияр Үсөнoв 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өлкө сыртына чыгып кеткен. Мындан мурда мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев дагы сыртынан көп жылдык абак жазасына кесилген эле.

Ал ортодо мурдагы президент Курманбек Бакиевдин дагы бир бир тууганы Акмат Бакиевдин сотунда мамлекеттик айыптоочулар аны 5 жыл алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн сурады.

Акмат Бакиев 2012-жылдан бери абакта кармалып, былтыр дарыланып жаткан жеринен качып кеткенин бийликтер билдиришкен.
Данияр Үсөнов менен Акмат Бакиевдин жашырынган жери белгисиз.

Ал эми Курманбек Бакиевв менен Жаныш Бакиев Белорусиядан баш паанек алып, аларды өткөрүп алуу аракеттерине натыйжа чыкпай келет.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.