Бийик тоо арасындагы малчыларды кырсык басты

Чыгымдардын саны дагы деле иликтенип жатат. Куткаруучулар учурда кар басып калган жайыттарды ачуу, же малды тоонун этегине айдап келүү аракеттерин көрүшүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыгымдардын саны дагы деле иликтенип жатат. Куткаруучулар учурда кар басып калган жайыттарды ачуу, же малды тоонун этегине айдап келүү аракеттерин көрүшүүдө.
Published

Нарын жана Ысык-Көл аймагындагы жайлоолорго калың кар түшүп, эки күндөн бери жүздөгөн малчыларды куткаруу иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айтымында, бул аймактарда бери дегенде миңден ашуун мал кырылган.

Чыгымдардын саны дагы деле иликтенип жатат. Куткаруучулар учурда кар басып калган жайыттарды ачуу, же малды тоонун этегине айдап келүү аракеттерин көрүшүүдө.

Кыргызстандагы метеорология кызматтары жайкы мезгилдеги аба ырайындагы мындай кескин өзгөрүү соңку отуз жылдан бери биринчи жолу катталып жатканын билдиришти.

Нарын жана Ысык-Көлдөгү бир катар жайлоолордо көптөгөн малчылардын тышкы дүйнө менен байланыштары үзүлгөн. Ак-Суу районундагы Түргөн жайлоосунда мал баккан Айнура бул аймакка жааган кардын калыңдыгы жана тарткан чыгымдары тууралуу айтып берди.

“Жүздөн ашуун кой, бодо мал алып чыкканбыз. Эки уюбуз тайгактан учуп өлдү. Жылкы, койлор карды тээп чөп таап жейт экен. Уйлар туруп эле калат экен”, - деди ал.

Айнура өмүрлүк жолдошу Кубат жана төрт баласы менен бирге жакында эле тоого малды айдап чыгышкан. Чабан айым бул үй-бүлө малчылык кылганын жети жыл болуп кылганын, жайкы мезгилде кескин сууп, нөшөрлөп жааган жамгыр карга айланганын биринчи жолу көргөнүн белгилөөдө.

Өлкөнүн гидрометеорология кызматы тоолуу жерлерде аба ырайы кескин өзгөрөөрүн мындан он күн мурда эскерткен. Бирок, башкы адис Махбу Касымованын айтымында алды сексен сантиметрге чейин кар жаайт деп күткөн эмес.

“Түндүк-Батыштан соккон суук аба Түндүктүн таасири менен аяктады. 1961-69чу, жана 72-жылдары Кыргызстандын тоолуу аймактарында суук ушул мезгилде минус бешке чейин түшкөн экен. Муну биз глобалдык жылуулануу, же бир башка өзгөрүү катары карабайбыз. Бул аба-ырайынын демейдеги эле циклы деп айтууга болот. Эми мындан 30-40 жылдан кийин жай мезгилинде кайрадан ушундай кар жаашы күтүлөт”, - деди адис.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын жана Ыссык-Көл аймагындагы малчылар аба ырайынын мындай катаал шартынан канчалык чыгым тартканын дагы толук иликтеп бүтө элек. Расмийлер эң чоң зыян Нарындагы Кара-Кужур жайлоосуна келди деп божомолдоп жатышат.

Мындан эки жыл мурда да, Кыргызстандын бир катар аймактарында жаз айларында жааган кардан көп мал кырылган эле.