Баткен: кыргыз-тажик чек арасында жол тосулду

    • Author, Аскар Баймуратов
    • Role, Баткен облусундагы эркин журналист
  • Published

Кыргызстандын Баткен облсунун аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен айылдагы чатактан улам, эки тарапта тең айыл тургундары жол бөгөп турушат.

Чек арага жакын жердеги Ак-Сай деген айылда жолго унаа менен шагыл төгүп коюшкан. Эки өлкөнүн чек арачылары жана укук коргоо органдары абалды көзөмөлдөп турат.

Бүгүн эки өлкөнүн жеригилктүү бийликтери ортосунда сүйлөшүүлөр болгон, бирок анын жыйынтыгы айтылган жок.

Өрттөлгөн чайкана
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өрттөлгөн чайкана

Эскерте кетсек кечээ түнү Тажикстан чек арасына жакын жердеги ээн талаадагы кыргыз жаранына таандык чайкана өрттөлүп, буга байланыштуу кыргыз-тажик жарандары ортосунда тирешүү орун алган.

Бул окуядан кийин эки тараптан тең тургундар жолду бөгөштү. Тажик тургундары Ворух анклавы аркылуу өткөн жолдорду бөгөгөн, кыргыз жарандары анклавка кире турган жолду жаап салды.

Жол бууган кыргыз жарандары өрт койгон адамдарды таап жазага тартуунун талап кылып жатышат. Ошондой эле ак-сайлыкткар Ворух анклавын айланып өткөн Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык жолун куруу боюнча маселени чечип бергиле деп бийликке талап койду.

Баткен аймагында Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Ворух жана Чорку анклавдары орун алган. Анклавга барчу жолдор чек ара тилкесиндеги кыргыз айылдарын аралап өтөт. Чекара тилкелеринин көп бөлүгүнүн тактала электиги, жер, суу талаштан улам эки өлкө айылдары ортосунда маалы менен тирешүүлөр, чыр-чатактар катталып келатат.

Быйылкы жылы эле тажик жана өзбек айылдары менен кыргыз айылдарынын ортосунда бир нече чыр-чатактуу окуялар катталды.