Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүн Россияга көчүрүп жатат

Published

"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өзүнүн үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Россияга алып чыгып кетип жатканын Би-Би-Сиге ырастады.

«Мындан ары бул жерде үй-бүлөмдүн коопсуздугу болбойт, ошондуктан алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу башка өлкөгө чыгарып турайын деп чечтим»,-деди Камчыбек Ташиев.

Оппозициялык “Атажурт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдор сот тарабынан бир жылдан бир жарым жылга чейин эркинен ажыратылгандан кийин депутаттык мандаттарынан ажырады.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппозициялык “Атажурт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдор сот тарабынан бир жылдан бир жарым жылга чейин эркинен ажыратылгандан кийин депутаттык мандаттарынан ажырады.

Оппозициялык партиянын лидери сырт жакка үй-бүлө мүчөлөрүн гана алып чыгып кетип жатканын, өзү болсо Кыргызстанда эле кала берерин айтты.

К. Ташиев өзүнүн үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Россиянын бийликтерине саясий баш паанек сурап кайрылганын айтты. Бирок кандай каналдар аркылуу маселе чечилгенин же чечилип жатканын айтуудан баш тартты.

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги өз кезегинде ЖКнын мурдакы депутаты, "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге Россиядан саясий баш паанек берилбегенин билдирди.

Оппозициялык “Атажурт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана ушул партиядан парламентке депутат болгон Садыр Жапаров менен Талант Мамытов 2012-жылы 3-октябрдагы нааразылык акциясы учурунда элди мамлекеттик түзүмгө каршы үндөгөн деген айып менен камакка алынып, соттолуп, бир жарым жылга эркинен ажыратылган.

Камчыбек Ташиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда бул процессти саясий мүнөздөгү куугунтук деп мүнөздөп келди.

Июнь айынын башында Бишкек шаардык соту “Ата-Журт” партиясынын депутаттарын күнөөсүз деп таап, боштондукка чыгарган. Бирок Башкы прокуратура Жогорку сотко аппеляциялык арыз менен кайрылып, териштирүүлөрдүн арты Ташиев, Жапаров жана Мамытовдун депутаттык кызматтан кетиши менен аяктаган.

Декабрь айынын башында К. Ташиевдин уулу Темирлан автоуунанын дөңгөлөктөрүн уурдады деген шек менен кармалган болчу. Бирок зыянды төлөп берди деген негизде ага козголгон кылмыш иши кыскартылганын Бишкек шаардык милициясы билдирген эле.