Муфтий Рахматулла Эгембердиев кызматынан кетти
Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев ага көрсөтүлүп жаткан кысымдан улам кызматынан кеткенин жарыялады. Уламалар Кеңеши муфтийдин милдетин аткарууну муфтийдин орун басары Максат Токтомушевге жүктөдү.
Чырдын баары Рахматулла ажы Эгембердиевдин белгисиз аял менен төшөк мамилеси тартылган тасма интернетке жайылып кеткенден кийин башталган эле. 6-январь күнү диний кызматкерлер баштаган алтымыштай адам муфтияттын жанына чогулуп, Эгембердиев мындан ары бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдиришкен.
Бүгүн Рахматулла Эгембердиев Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев баш болгон топ аны жаманатты кылып, кысым көрсөтүп жаткан үчүн кызматынан убактылуу кетип жатканын билдирди.
Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев өз кезегинде Рахматулла Эгембердиевдинкойгон дооматын негизсиз деп, жалганга чыгарууда.
Муфтияттын айланасындагы окуялар курчуп, жаңжалдар токтобой жатканы динаятчыларды да, карапайым тургундарды да кыжаалат кылууда. Динаятчылар бул жаңжал дин ишмерлерин атайын жаманатты кылууну максат кылган күчтөрдүн атайын тукуругу менен болуп жатат деп жатышат.
Рахматулла Эгембердиев муфтий кызматына 2012-жылы келген эле. Андан мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов катуу кысымга алынгандыктан кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Муфтий жаңырган менен мусулмандар жетекчилигиндеги акчага, идеологиялык жиктелүүгө байланышкан карама-каршылыктардын себептери жоюлбай, утур-утур кризиске алып келүүдө.

























