Кумтөрдөгү экологиялык зыян сотто каралат
13-январда Бишкекте район аралык сот Кумтөрдөгү экологиялык зыян жөнүндө биринчи доо арызды карай турганы белгилүү болду. Экологиялык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арызды сотко Жашылдар партиясы берген.
"Экологиялык зыянды штрафтык санкциялары менен 444 миллиард сом деп эсептедик. Сот албай атып, акыры алдырдык. 31-октябрда берилген доо арызды албай атышып, акыры декабрдын этегинде кароого алды. Соттун биринчи жыйыны 13-январда болот", дейт экологиялык эксперт Динара Кутманова.

Экологиялык эксперттердин айтымында, Кумтөрдө эң биринчи кезекте үстүнө бир миллиард тоннадан ашуун таштандылар төгүлгөндүктөн мөңгүлөр эрип жоголууда. Экинчиден, уулуу заттар талаптагыдай эреже менен сакталбай, уулуу заттар ээрип сууга кошулуп кетүүдө.
Кумтөр алтын кенинде тийиштүү көзөмөл жоктугунан абдан чоң экологиялык зыян болгонун өткөн жылы мамлекеттик комиссия аныктап чыккан. Ал эми экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык ишкананы 6 млрд сом доо коюп, сотко берип жатканын да билдирген.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы мамлекет олчойгон зыяндын ордун толтуруунун ордуна арзыбаган алты миллиард сом доо коюп жатканы үчүн Өкмөттү “Центерранын адвокаты болуп алды” деп сынга алууда.

























