Чек арадагы окуяга Тажикстанда реакция кандай?

- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
- Published
Кыргыз-тажик чекарасында болгон окуяга тажик расмийлери кандай баа берүүдө? Чек ара чатагы туралуу тажик коомчулугунун пикири кандай? Бул суроолор менен Би-Би-Синин тажик кызматынын кабарчысы Мардон Муххамадды кепке тарттык.
-Тажикстандын расмийлери бул чек арадагы окуя боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.Тажикстандын стратегиялык иликтөөлөр боюнча борборунун жетекчиси Худайберди Халикназаров маалымат жыйынында, “кыргыз тарап 7-январда кол коюлган протоколду бузуп, жол курууну улантты. Бул аракет тактала элек аймакта тараптар кандайдыр бир курулуштарды куруудан кармануу керек деген келишимге каршы келет” деди. Расмийлер ким биринчи ок аткан дегенди айтышкан жок. Алар келишимди бузду деп гана айтып жатышат. Бул түзүлүп калган кырдаалды эч кандай чагымга алдырбай сүйлөшүү жолу менен чечүү керек дегенге басым жасашты.
-Кыргыз тарап курулуп жаткан жол Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөөрүн айтып жатат. Бул боюнча тажик тараптын пикири кандай экен?
-Тажик тараптын расмийлеринен реакция алуу кыйын болуп жатат. Окуя боюнча толук комментарийлер көп берилген жок. Кыргыз тараптын бардык мекмелери тишелүү маалыматтарды таратып жатышат. Бирок буга чейин Согди облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыргыз тарап жол куруп жаткан жер талаштуу аймак деген маалыматты беришкен.
-Бул чек арадагы чырлуу окуяны жергиликтүү тургундар, тажик коомчулугу кандай кабыл алды?
-Тажикстандын медиасында, мамлекеттик телеканалдарда бул туралуу дээрлик маалыматтар берилген жок. Коомчулуктун көпчүлүгү бул туралуу мааалыматтары жок. Айрым интернет колдонуучуларда гана маалымат болушу мүмкүн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяда кыргыз тарап келишимди бузду деген маалымат таратты. Айрым мамлекеттик телеканалдарда кеткен бул билдирүүлөр көпчүлүк тажик атуулдарын маалыматты бир тараптуу кабыл алууга себепкер болушу мүмкүн.
-Окуя болгон жерде Баткендин жергиликтүү тургундары кабатырлануу, тынчсыздануудан улам айылдардан үй-бүлөөсүн башка аймактарга ккөчүрүп кеткендер болуп жаткан экен. Тажик тарапта абал кандай болду экен?
-Биз алган маалыматтар боюнча Чоркуда жашаган тургундардын көпчүлүгү чыр-чатак болгон жерден алысыраак жактарга, маселен Исфара шаарына, башка аймактарга чыгып кеткендери бар экен.





























