Бишкек менен Ошто жаңы мэрлер шайланды

Published

Ошто шайлоодон тополоң чыгып кете жаздады

Ош шаарында көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн талапкер Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланды. Аны шаардык кеңештин 25 депутаты колдосо, экс-мэр Мелис Мырзакматовго 19 добуш берилди. Бир бюллетень жараксыз болуп чыкты.

Мелис Мырзакматов добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин шаардын аянтындагы элдин алдына келип, шайлоо таза өтпөгөнүн айтты жана колдоочуларын чагымга алдырбоого үндөдү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мелис Мырзакматов добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин шаардын аянтындагы элдин алдына келип, шайлоо таза өтпөгөнүн айтты жана колдоочуларын чагымга алдырбоого үндөдү.

Мелис Мырзакматов добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин шаардын аянтындагы элдин алдына келип, шайлоо таза өтпөгөнүн айтты жана колдоочуларын чагымга алдырбоого үндөдү.

Митингчилер буга карабастан шаардык мэрияга чабуул коюп, имаратка таш ыргытышты. Алар Мырзакматовдун мэр болушун талап кылып жатышат. Аянтта президент Атамбаевдин сүрөтү өрттөлгөнү айтылууда.

Ош шаар башчысына оппозициядан талапкер болгон Мелис Мырзакматовдун таламдаштары эртең менентен бери эле митингге чогулуп жатышкан. Борбордук аянтка келгендердин арасында атчандар да бар.

Түштөн кийин митингичилер четинен таркап кете баштады. Ош шаарында коопсуздук чаралары бекемделип, тартип коргоочулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Шайлоо күнү көчөлөрдөгү коомдук тартипти кармоого милицияга көмөкчү болуп элдик кошуундар дагы тартылган.

Ошто жаңы мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев түбү Кара-Суу районунан. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган. Ошто ЖБИнин начальниги, Ош областтык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары кызматтарында иштеген. 2012-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

Бишкектин жаңы мэри - Кубанычбек Кулматов

Бишкекте болсо жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматов мэр болуп шайланды. Шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен добуш берүүгө катышкан 43 депутаттын 41 бийликтеги партиянын кадры делген бул ишмерин колдоп добуш беришти.

Аталган ишмер өзүнүн шайлоо программасын тааныштырып жатып, Бишкектеги жашыл зоналардагы мыйзамсыз курулуштардын баарын токтотууну убада кылды.

Кубанычбек Кулматов буга чейин Бажы кызматынын төрагасы болгон, соңку учурда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.