Ош мэриясында жетекчи кызматкерлер иштен кетүүдө

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Ошто аба ырайы бузук. Көптөгөн жергиликтүү чиновниктердин дагы кабагына кар жаап турган маал.
Оштун жаңы мэри шайланган күнү эртеси шаарды башкаруу мекемесинен бир катар жогорку даражадагы чиновниктер кызматынан чегинишкени айтылууда. Алардын ичинде вице-мэрлер, аппарат өкүлдөрү жана басма сөз катчысы бар.
Бардыгы болуп онго жакын кызматкер жумуштан кетүүгө арыз бергени айтылып жатат. Мэриядагы булактардан алынган маалыматка караганда, таң эртең менен вице-мэрлер арыз жазышкан.
Жергиликтүү байкоочулар муну мурдагы мэр Мырзакматовдун командасы менен жаңы мэр Айтмамат Кадырбаевдин болочок кадрлары ортосундагы орун алмашуу процесси катары карашууда.
Кызматын өткөрүп берүүгө азырын жазган бир катар расмийлердин арасында шаардык өкмөттүн алдындагы “Ош шамы” гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов дагы бар.
“Эмгек жамаатыма өзүмдүн чечимим тууралуу кабарлаганда бардыгы оор кабыл алышты. Себеби, мен бул гезитте беш жыл иштедим. Кесиптештерим мени туура түшүнөт деп ишенем”, - деди баш редактор.
Ош мэриясында бүгүн түшкө чейин эле онго жакын кызматкер иштен кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган. Алардын алдыңкы сабында үч вице-мэрдин ысымдары аталууда.
Шаар башчынын орун басары Дастан Хожаев Би-Би-Сиге кызматтан кетүү ниетин тастыктады. "Бирок, бул кадам саясий демарш катары каралбашы керек. Мен эч кандай саясий көз караш үчүн эмес, жаңы мэрге жаңы команда түзүп иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү туура көрүп турам”, - деди ал.
Шаардык өкмөттүн имаратынын кире беришин он чакты коопсуздук кызматкери кечээтен бери күзөтүп олтурушат. Жумушчулар шайлоо учурунда корридорлорго төшөлгөн кызыл килемдерди жыйнап жатышты. Ал эми кабылдамалар жана көптөгөн адистердин эшиктери жабык болду.
Жергиликтүү серепчилердин айтымында, мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун бул кызматка кайрадан шайланбай калышы анын командандасында иштеген чиновниктерге катуу сокку болду. Эми жаңы мэр Айтмамат Кадырбаевдин столуна дагы көптөгөн арыздар келип түшүшү мүмкүн деп божомолдонууда.





























