Башкы прокуратура: Кумтөр боюнча келишимдин коррупциясы кашкайып далилденди

Published

Жогорку Кеңеш бул жумада Кумтөр боюнча Центерра менен жаңы келишим долбоорун фракцияларда карап баштайт. Өкмөт техникалык оңдоолор киргизилет деген негизде 20-январга чейин мөөнөт сураган болчу.

Жаңы келишим долбоорунда мурдагыдай эле тең үлүштөгү жана тең башкаруудагы биргелешкен ишкана түзүү каралган. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы келишим долбоору азыр иштеп жаткан келишимге караганда Кыргызстанга абдан пайдалуу келишим болот деп жаңы жыл алдында парламент депутаттарын ынандырууга аракет кылды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» жана «Ата-Журт» фракциялары Өкмөт сунуштаган келишимге катуу каршы чыгууда. Алар кыргыз тараптын үлүшүн баштапкы 67 пайызга чыгарууну талап кылышууда.

Ал ортодо байкоочулар Президент жана Өкмөт тараптан парламенттеги каршылыктын мизин кайтарып, көгөрүп жаткан депутаттарды ар кандай жол менен, ар кандай ыкма менен, анын ичинде кысымга алуу менен болсо да көндүрүүнүн бардык аракети көрүлүп жатканын белгилешип, Өкмөт сунуштаган долбоор баары бир парламентте өтөт деген ишенимде болуп жатышат.

Ал аңгыча Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратурадан тергөөдөн өтүп, сотко ашты. Башкы прокуратура 2003-жылдагы келишим коррупциялык кылмыштуу келишим болгонунун кашкайган далилдери сотко берилди деп билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө 2003-жылы Кумтөр боюнча келишим мурдакы премьер-министр Н. Танаев, мурдаы президент Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев жана «Кыргыз алтындын» ошол кездеги жетекчиси Кудайбергеновдун колу менен бурмаланып, бузулуп, натыйжада акциялары 25 пайызга азайып, акчалай алганда 171,5 миллион доллар зыян алып келген.

Бул иш боюнча күнөө коюлган мурдакы жетекчилердин ичинен төртөө - атап айтканда канадалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөн эксперттер А.Жолошов, Н.Алымбаев, Д. Камчыбеков, Б. Абилдаев жана Т. Акматалиевге коззголгон кылмыш иштери боюнча сот иштери башталды.

Аталган адамдардын адвокаттары жазалоо мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кыскартууну суранып жатышат. Башкы прокуратура өз кезегинде оор кылмыштардын мөөнөтү он жыл экенин, демек 2013-жылдын ноябрь айында бул мөөнөт бүтө элек болгонуна байланыштуу иш кыскартууга жатпайт жана аягына чыгууга тийиш деп каршы болууда.

Айдар Акаевге, Н. Танаевге жана дагы үч адамга эл аралык издөө жарыяланып, алардын иши боюнча өзүнчө тергөө жүрүп жатат. Ал ортодо байкоочулар бийлик колу жеңил жеткенин гана жазалап, а чынында башкы күнөөкөрлөрүн издемиш болуп, коомчулукка тил эмизип кутулуу аракетин көрөт деген арсар ойду айтып жатышат.