Оштогу өзгөрүүлөрдүн ишкер чөйрөгө таасири

- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Кыргызстандын экинчи борбору саналган Ош калаасындагы шайлоодо жаңы мэр тандалып алынгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болот деген суроолор коомчулукту өзгөчө кызыктырып жатат. Апта соңунда мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун командасында иштеген ондон ашуун чиновник кызматынан кетүүгө арыз берген.
Соңку өзгөрүүлөр Оштогу бизнес чөйрөсүн дагы тынчсыздандырып жатканы айтылууда. Бул аймакта бизнес жүргүзүү үчүн шаар башчыларынан колдоо издөө советтик мезгилден бери эле салт болуп калган.
Эми жаңы жетекчи келгенде жергиликтүү ишкерлер жаңы байланыштарды курууга мажбур болушу ыктымал деген божомолдор айтылууда.
Айрым оштук тургундар мурдагы мэрди дагы, азыркы мэрди дагы шаар башкарууга татыктуу ишмерлер деп эсептейт. Алардын айтымында шаардын жетекчилери, адатта бай, таасирдүү жана берешен болушат.
“Жаңы мэр Айтмамат Кадырбаев да муктаж адамдарга сөзсүз түрдө жардам берет. Себеби, ал мэрликке шайланганга чейин эле бизге кол кабыш кылып жүргөн. Мен алты баланын апасымын, жалгыз бой энемин”, - деди орто жаштан өтүп калган аял.
Анткени менен Оштогу жетекчилердин алмашуусу көптөгөн ишкерлерди кабатыр кылып турган кези. Себеби, бул аймакта ишкерчилик менен даражасы бийик адамдардын ортосундагы байланыштардын өзгөчө орду бар.
Жергиликтүү журналист Жылдыз Бекбоева: “Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов шаар башчылыгынан кеткенден кийин аны менен тыгыз байланышта иштеген ишкерлерге ар-түрдүү басым жасалышы мүмкүн деген кооптонуулар айтыла баштады. Мисалы, “Таатан” соода борборунда иштеген кытай ишкерлерине карата катуу текшерүүлөр жүрөт деген кептер айтылып жатат”, - дейт.

Ош шаарында бизнес менен саясаттын жуурулушу абдан опурталдуу экенин көптөгөн ишкерлер буга чейин эле баамдаганын айтышууда. Жеке ишке Шамшыбек Эргешов 2010-жылдагы июнь окуяларында болжолу менен беш миллион сомдун бизнесинен айрылган.
Ал: “Шаар башчы алмашкан учурда дагы көптөгөндөр бизнесинен кол жуушу ыктымал. Бирок, биз аларды таза бизнестин өкүлү катары эсептебейбиз. Себеби, бизнес деген кандай түйшүктүү экенин билебиз. Аз эле убакыттын ичинде байып, хан сарайларды салып, анан депутат болуп алган бизнесмендерге шектенүү менен карайбыз”, - дейт ал.
Ишкер мырза ушул тапта Оштогу жүздөн ашуун чакан жана орто ишкерлердин башын бириктирген уюмду жетектейт. “Жаш ишкерлер ассоциациясы өз мүчөлөрүнө саясатчылардан алысыраак туруунун кеңеш берет. Себеби, саясатчылар келет кетет, ал эми биз аларды ээрчибестен өзүбүздүн милдетибизди аткарышыбыз керек, - деп кошумчалады Эргешов.
Ошто бизнестин кандай түрлөрү бар экенин билүү үчүн таксиге түшүп, анын көчөлөрүн бир сыйра кыдырып өтүү жетиштүү болсо керек. Мисалы, бул шаардын тамак-аш кызматы, чыгыш стилиндеги кафе-ресторандары, жаңы курулуштары жана, албетте базарлары көңүл бурдурат.
Мени алып жүргөн өзбек тектүү таксист өзүн Халил деп тааныштырды. Анын айтымында, шаардыктар жаңы мэрден көптөгөн жаңылыктарды күтүп жаткан чагы.
“Шаардагы бийликтин алмашканы, жада калса, бизге – таксичилерге таасирин тийгизет. Анткени, мурдагы мэр баштаган жыңы жолдордун, асма көпүрөлөрдүн курулушу унаалардын тыгынын азайтууга чоң салым кошмок. Өзбек элинде “жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат” деген накыл сөз бар, бул сөздүн кыргызчасы дагы болсо керек”, - деп, сөзүн бүтүрдү таксист.





























