Кыргызстан оң рулдуу унааларга тыюу салабы?

Сүрөттүн булагы, b
Кыргыз өкмөтү оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салган мыйзамды сунуштоодо. Алардын айтымында, мындай кадам эң биринчи кезекте өлкөдөгү жол коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу максатында жасалып жатат. Расмийлер соңку үч жыл ичинде эле өлкөгө кирген оң рулдуу унаалардын саны 30 пайызга көбөйгөнүн белгилешкен. Андан тышкары, адистер оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктары сол рулдуу унаалардыкынан эки эсеге көптүк кылаарын айтып, өлкө кескин чарага барууга аргасыз деп түшүндүрүшөт.
Кыргызстанга көбүнесе Жапониядан алып келинген унаалар өлкө аймагында көп сатылат. Алардын көбүн Пакистандан келген жарандар ташый турганын айткандар бар. Унааны сатууда Пакистандын өкүлүнө жардам берем деп өзүн тааныштырган Мирлан, эгер өлкөгө оң рулдуу машинелердин кирүүсүнө өкмөт бөгөт койсо, эл кайрадан толкуп, митинг өткөрүшү мүмкүн экенин айтууда:
“Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде оң рулдуу машине колдонулат. Машине алып-сатарлардын 85% Жапониядан алынып келинген оң рулдуу машинелерди сатып, жан багып жатпайбы. Сол рулдуу машинелерге караганда оң рулдуу машинелердин жылы да жаңы, баасы да арзан. Ошондуктан баары оң рулдуу унааларга качышат”- дейт сатуучу.
Ички Иштер министрлиги оң рулдуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө мыйзамды өкмөттүк талкууга жолдоду. Алар билдиргендей оң рулдуу унаалардын саны жыл сайын өсүүдө. Расмийлердин маалыматы боюнча 2009-жылдан 2012-жылга чейин эле мындай машинелер 30 пайызга көбөйгөн.
Жол кайгуул кызматынын жетекчи орунбасары Темиркан Керимбаев, мындай демилгени жол кырсыктарын кыскартуу үчүн жасалган кесин кадам катары мүнөздөөдө. Ал буга мисал катары оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктары, сол рулдуулардан кыйла жогору экенин далил кармоодо:

“2013-жылы жети жарым миң жол кырсыгы катталып, он эки миңдей адам каза болгон, он бир миңге жакын жарандар жараат алган. Кырсыктын көбү оң рулдуу унааларда кездешкен. Ошондон улам оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбөө зарылчылыгы бар экенин түшүндүк. Жаңы чечим өлкөнүн аймагындагы оң рулдуу унааларга эч кандай таасирин тийгизбейт. Жогорку Кеңеш тарабынан биздин көтөрүп жаткан демилге колдоого алынса, бир дагы оң рулдуу унаа республиканын аймагына киргизилбейт. Анан да жол кырсыктары азаят деп терең ишенем”- деди Керимбаев.
Айдоочулар эмне дейт
Кыргызстанда, айрыкча адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. Бирок, жолдо жүрүү маданияты же жол эрежелерин сактоо маселесинин курчушуна бир гана оң ролдуу унаалардан көрүү туурабы деген суроолорго коомдук пикир бир кылка эмес. Бишкектик айдоочуларды кепке тартканыбызда, алардын айрымдары оң рулдуу унаалар колдонуудан чыккандан кийин жолдогу тартип оңолот дегенге кошулбайт:
Тынчтык, айдоочу:
-МАИ кызматкерлеринин жана Транспорт министрлигинин ар кандай статистикага таянып жасап жаткан иштерин биз колдобойбуз. Жол кырсыктары оң рулдуу машинелерде эле эмес, сол рулдуу унааларда деле болуп жатат. Кырсыктын көбү жол эрежелерин сатабагандыктан келип чыгат.
Максат, айдоочу:
-Машине оң же сол рулдуу болобу профессионал айдоочу үчүн эч кандай айырмасы жок. Кырсыктын баарын айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар кылып жатат. Мурда сол машине айдасам, бир жылдан бери оң рулдуусун колдонуп жатам. Эч кандай кыйынчылык байкалбайт.
Оң рулдуу унууларды колдонууга мындан мурда Казакстан, андан соң Тажикстанда тыюу салынган. Кыргызстанда болсо, бир нече жыл мурда тыюу салуу аракети массалык нааразылыктар менен коштолуп, ишке ашпай калган. Ал эми азыр мындай унааларды ташып келүүгө бөгөт коюлса, коомчулук, айрыкча Япониядан колдонулган унааларды алып-сатуу менен алектенген жүздөгөн кыргызстандыктардын реакциясы кандай болот деген суроолор дагы бар.
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.
Мусурманкул, Москва:
-Оң рулдуу машинелерди жок кылганга толук кошулам. Арзанына кызыгып алып алгандар эми жок кылса пикетке чыгабыз деп чыкса чыга берсин фарасы козго урат, не удобный машине шайлоодо добуш бербей койот деп коркпой эле жок кылыш керек.
Bakyt, Bishkek:
-Kep on je sol rulda emes profisanal aidoochu mashinasinin rulu art jaginda bolso dagi aidap kete berek. men bul chechimge karshimin .on ruldu mashinalar solgo karaganda sapaty jakshi pravani okutup ekzamen alip anan berish kerek .azir kobuncho satyp alishat mina ushul satkandardi sottosh kerek,je ishten alish kerek.maga kim koshulat bul chindik...
Sultan, Bishkek:
okmot emnege karapaim kalk oz janin bagip jatsa alarga but tosot el ozunun janin ozu bagip kele jatat.kanchalagan jerdeshter jumushsuz kalgani jatat emnege ushul tuuralu oilonboit. okmot elge tishpe el ozun ozu bagip kele jatat.el ozunun arabasin ozu turtup kele jatkanda alardin jolun torobo alar adal ookat uzdep jep jatkanda.
Ainura, Bishkek:
Кеп он же сол рулда эмес...кеп биздин айдоочулардын жол эрежесинин сактоонун маданияты жоктугунун кесепетинен чыгып келет! Кайра озун профи..деп эсептегендер жолунду кесе отуп..ж.б.с маневрларды коргозуп..ушундай кайгылуу корунушторгодуушар болушат.Айдоочулар бири-бирибизди сыйлай билсек эле, мындай терс корунуштордон оолак болоор белек!!!





























