Кыргызстан-Тажикстан: Чек арадагы куралдуу жаңжал териштирилип бүттү

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Кыргызстан менен Тажикистан чек арада болгон атышуу окуясы менен байланышкан маселелер боюнча бир келишимге жетишти деп ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
30-31 январда Бишкекте эки өлкөнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде болгон сүйлөшүүдө тараптар 11-январда чек арада болгон куралдуу кагылышуу жана андан кийинки кырдаалды талкуулашты.
Натыйжада тараптар чек арага жиберилген кошумча күчтөрдү алып кетүү, башка зарыл чараларды көрүү жана чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин активдештирүү жөнүндө чечимге келишти.
11-январда Баткендеги Ак-Сай менен Тамдык айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүү жайында тажик-кыргыз чек арачылары ортосунда атышуу болгон. Анда 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жарадар болгону кабарланган.
Жаңжал тажиктерге таандык Чорух анклавын айланта кыргыздар куруп жаткан жолдон чыккан. Тажик чек арачылары Көк-Таш–Ак-Сай жолу талаштуу аймакта курулуп жатат деп аны курууга каршы болушкан. Кыргыз тарап өз кезегинде бул жол мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга гана таандык аймакта болуп жатканын жүйөө тартууда.

























