Кыргызстандыктар эркиндиктин баркын билеби?

    • Author, Шербол Жапаралиев
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Укук коргоочу “Freedom House” уюму 2005-жылдан бери Кыргызстанды эркиндиги жарым жартылай чектелген мамлекеттердин катарына кошуп келет. Ал эми 2012-жылы эркин эмес өлкө катары тааныган.

Бул уюмду “объективдүү эмес” деп сынга алгандар да жок эмес. Эгер бул сындар негиздүү болсо, Кыргызстандагы жашоо канчалык эркин? BBC жарандардан ушул тема боюнча сурамжылоо жүргүздү.

Сурамжылоого Кыргызстандын жаш-курактары жана кылган иштери ар түрдүү жарандары катышты. Бирок алардын бир жалпылыгы бар. Бирөө окуу үчүн, башкасы иштөө үчүн жана үчүнчүсү дагы башка себептер менен чет өлкөдө жашап келишкен. Биз бул каармандарга “Кыргызстандагы жашоо эркиндигинин башка өлкөлөрдөн кандай айырмасы бар?” деген суроону узаттык.

Аскат Баатырбеков эки жылдан бери Түркияда билим алат. Ал Бишкектен жогорку окуу жайын бүтүргөн соң, бул өлкөгө окуусун улантканы кеткен. Аскаттын айтымында, Түркияда Кыргызстандан айырмаланып, мыйзамдар иштейт. Ал өзү күндө көрүп жүргөн укук коргоо кызматкерлери жөнүндөгү ойлорун бөлүштү:

“Кыргызстанда милиция кызматкерлерине ишеним аз. Милициядан зордук көргөн кыргызстандыктар көп. Түркияда андай көрүнүштөр аз. Мисалы, чет өлкөлүктөр полициядан дарек сураса, ошого да жардам беришет. Биздин милиция болсо чет өлкөлүктөрдөн документ сурап кыйнашат. Мисалы, менин милициядан зордук көргөн чет өлкөлүк досторум бар.”- деди Аскат.

Айсулуу Сиражидинова аттуу студент бир жыл Кытайда окуп келген. Кытай тилин үйрөнүү учурунда өлкөнүн бир топ шаарларын кыдырган. Айсулуунун пикиринде, бул өлкөнүн Кыргызстандан эң чоң айырмасы – басма сөз кызматтарынын кысым астында болгондугу. “Гезит беттеринен бийликти жамандаган макалаларды жолуктурууга болбойт”- дейт ал. Ошондой эле күнүмдүк жашоодо жолуктуруучу көйгөйлөрдүн бири – чет өлкөгө чыгуунун кыйындыгы:

“Кыргызстан менен Кытайдын айырмасы чоң. Мисалы, Кыргызстанда каалаган өлкөгө саякатка чыгууга мүмкүнчүк бар. Кытайда болсо жада калса, чет өлкөгө чыгуучу паспорт кандай болоорун көрбөгөн адамдар да бар. Жүйөөлүү себептер гана болбосо, чет өлкөгө чыга алышпайт.”

Ал эми Санжар Турусбеков Россия Федерациясында дээрлик алты жыл эмгектенип, быйыл Кыргызстанга кайткан. Анын айтымында, Россия жарандарынын мигранттарга болгон көз караштары акыркы мезгилдерде өзгөчө начарлап баратат.

“Полиция кызматкерлери акча алуу максатында, себепсиз камакка алган учурлары болот”- дейт Турусбеков. - Полиция кызматкерлерине жакпай калсаң, сенин документтериң канча туура болсо дагы, бир жериңди чукуп чыгып камакка алышат. Текшерген болушуп, кыйнай беришет. Эртең менен жумушка бара жатып полицияга кармалып калсаң, ошолор менен көпкө жүрүшүң мүмкүн. Жүргүң келбесе, 200-300 рубль бере салышың керек.”

Санжар Турусбеков Россияда жүргөндө көп жолу укугу бузулганын айтат. Эң эсте калган окуя жаңы барган 2008-жылы болуп өтүптүр.

“Жаңы барганда документтерибизди жасатып, мыйзамдуу эле жүргөнбүз. Метронун жанынан кармап алган милициялар биздин жаңы келгенибизди сезип, 3-4 саат камакка алган. Акырында досум экөөбүздөн 7 миң рубль алып коюшкан”,-дейт Санжар.

Биз сураштырган жарандардын көпчүлүгү Кыргызстанда жашоо эркиндигине тоскоолдуктар жок экендигин айтышты. Бирок ошол эле учурда, “Freedom House” бейөкмөт уюму өзүнүн жыл сайын жасаган докладында Кыргызстанды эркиндиги жарым жартылай чектелген өлкөлөрдүн катарына киргизип келет.

“Freedom House” уюму 1978-жылдан бери саясий жана жарандык эркиндик маселелери боюнча жыл сайын доклад даярдайт. Анда дүйнө мамлекеттери: эркин, эркиндиги жарым жартылай чектелген жана эркин эмес болуп - үчкө бөлүнгөн.