Сот коопсуздугун камсыздоо көйгөйү чечиле элек

Published

Чаекте болгон милиция кызматкерлерине кол салуу фактысы боюнча шектүү болуп кармалган адамдарды Нарын шаардык соту карап, тергөө абагына жиберүүдө. Областтык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, буга чейин алты адам тергөө абагына камалган, азыркы күндө дагы төрт адамдын маселеси сотто каралууда.

Областтык ИИБнын басма сөз кызматкери Медина Султаналиеванын айтымында, тергөө абагына камалгандардын ичинде өткөн жылы декабрда каза болгон Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси, бир туугандары бар.

20-февралда Чаекте сот жыйыны учурунда айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине бензин куюлган бөтөлкө ыргытып өрт коюшканда, андан эки милиция кызматкери жабыркап, алар азыркы учурда Бишкектеги ооруканага жеткирилген. Алардын бирөө Жоомарт Сыдыков экинчи жана үчүнчү даражагы күйүк алып, катуу сабалып оор жаракат алганын Ички иштер министрлиги билдирген.

Соттолуп жаткан милициялардын бири Рустам Токтогулов сот залында кол салуу болгон учурда Жумгал суусун бойлоп качып кеткен бойдон дайны билине элек. Милиция менен Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери аны эки күндөн бери издөөгө алып, таппай жатышат.

Чаекте кол салуу менен коштолгон сот жыйыны өткөн жылы декабрда Кара-Кече көмүр кенинде көз жумган Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү болгон милиция кызматкерлеринин үстүнөн башталган. Мамлекеттик экспертиза Айбек Мамбеталиевдин денесинде биринчи жолу эч кандай уруп-сабоонун белгиси жок, аны жүрөк оорудан каза тапты деп бүтүм чыгарган. Бирок анын туугандары сөөккө кайрадан экспертиза жасатышканда Айбек өлөр алдында катуу сабалганын көрсөткөн натыйжа берген.

Сот оор кылмыш боюнча айыпталып жаткан үч милиция кызматкерин үй камагына чыгарып жибергенине Айбектин туугандары нааразы болуп жатышкан. "Мунун баары сотко адамдардын ишенбегендигинен чыгып отурат",-деди Айбек Мамбеталиевдин үй-бүлөсүнүн адвокаты Жандарбек Мамытбеков.

Жандарбек Мамытбековдун айтымында, Чаектеги окуя боюнча Мамбеталиевдин ата-энесин кармоо да мыйзамсыз болду, анткени сот залында милицияга бензин куюлган бөтөлкө ыргытып жатышканда алар сыртта жүрүшкөн, кол салуу окуясына катышкан эмес.

Сотко ишенбей, айыпкер тарапты сот залынан жазалоо окуясы Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жок. Сотко жарандык көзөмөл кылуу боюнча жарандык кеңештин өкүлү Рита Карасартованын айтымында, ушуга окшош окуя Таласта да болгон. Анда сот иштери бүтпөй алты жылга создугуп кеткенине нааразы адам айыпкерди сот залынан жазалоо үчүн бөтөлкөгө бензин куюп алып келген экен. Мындай ээнбаштыктын түпкү себеби оор кылмыштар боюнча сот иштери өтө создугуп кеткенинде, соттун акыйкат болушуна ишеним түгөнүп калганында болуп жатат,-дейт Рита.

Сот жыйындар учурунда чыр-чатак чыгып, сотторго жана адвокаттарга, же каршылашкан тараптарга кол салуу окуялары болуп жаткан үчүн сот органдары сот сакчыларын түзүү жөнүндө маселе коюшкан. 2001-жылы тийиштүү мыйзам кабыл алынган. Бирок сот сакчыларын түзүүгө жетиштүү каражат мамлекеттик казынада жок болгон үчүн бул иш токтоп турат.

Ошол эле учурда жарандык коом өкүлдөрү сот директивалык чаралардан натыйжа чыкпайт, андан көрө соттордун ишинде айкындыкты күчөтүп, ишенимди бекемдөө чараларын көрүүгө чакырып келатышат.