Улуттук оппозиция өзүн элге жарыялады

Кыргызстанда жаңы улуттук оппозиция бүгүн бет ачар жыйынын өткөрүп, президенттик бийликти чектөө, парламентаризмди бекемдөө үчүн күрөшүү башкы максаты экенин жар салды. Жаңы оппозиция ошондой эле Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү маселесин референдумга алып чыгууну Өкмөттөн талап кыларын билдирди.
Бириккен оппозициялык күчтөр Кыргызстанда кайрадан авторитардык режим орноп, бийлик коррупцияга батып, кылмыштуу күчтөр менен биригип кетти деп сынга алышты. Алар Кыргызстандагы кырдаалды Украинадагы окуяларга салыштырып, Януковичтин тагдырын кайталап калбаш үчүн президент Атамбаевди оппозиция менен сүйлөшүүгө чакырышты.
"Биз оппозициялык кыймыл жакынкы айларда президент Атамбаевдин өнүгүү стратегиясына альтернатива кылып өзүбүздүн өнүгүү стратегиябызды сунуш кылабыз. Эгерде президент Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүүдө ГЭСтерге, жолдорго басым жасаса, биздин оппозициялык кыймыл чыныгы туруктуу саясий системага, кыргыздын баалуулуктарына жана өлкөнү өнүгүүгө алып келе турган жакшы саясий маданиятка басым кылабыз"-деп сүйлөдү жаңы оппозициялык кыймылдын координатору Равшан Жээнбеков.
Оппозициялык жаңы кыймылга ЖКнын депутаттары Өмүрбек Абдракманов, Бөдөш Мамырова, мурдакы баш прокурор Азимбек Бекназаров, ошондой эле Өмүрбек Субаналиев башында турган “Каршылык көрсөтүү кыймылы”, “Эл үнү” “Элдик курултай” кыймылдары, Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата-Журт” партиясы, Оштун мурдакы мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы, “Асаба”, “Чындык”, “Эркин Эл”, “Ак Калпак” жана Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы кошулганы жарыяланды.
Кыргызстандын өнүгүү жолун жана моделин ар башка элестеткен күчтөр бирдиктүү өнүгүү стратегиясын кандай иштеп чыгат деген суроо чыгууда. Анткени оппозициялык кыймылга кошулган “Элдик курултай” кыймылы башынан бери эле азыркы парламенттик башкарууну чанып, элдик курултай аркылуу башкарууга чакырып келатат. Аталган кыймылдын өкүлү Байас Турал бүгүнкү жыйында да ушул жолду тандоого чакырып өттү.
Президент Атамбаев өз кезегинде шайлоо аркылуу оппозициялык күчтөр бийлик структуларына келип жатканын белгилеп, парламенттеги оппозициялык фракциялардын ишмердиги аркылуу саясатчылар чыр-чатакка жеткирбей сүйлөшүү жолу менен чечишип алып жатканын, бул жагында өлкөнүн тажрыйбасы чыңдалып баратканын айтып келатат. Президент бул темада жаңы жыл алдында басма сөз жыйынында ой бөлүшкөн эле.
“Эл түшүнүп баратат. Эгер сен башка партияда болсоң менин душманымсың деген эски ойдон кайтып, бул өзүнчө оюн экенин түшүнүп калышты. Черчилл он бир жолу ар кайсы партияда болгон. Ал аны Англиянын кызыкчылыгы үчүн деп айтчу. Ошондой эле бүгүн кармашып жаткан партиялар эртең бир коалицияда болуп калып жатат. Бирок эле кызмат үчүн, саясат үчүн өлкөнү кыйнаштын кереги жок экенин түшүн калды. Бизге эми революциянын да, жарандык согуштун да кереги жок. Парламентаризмдин мисалында биздин саясатчылар үйрөнүп жаткан башкы тажрыйба ушул”-деп айткан эле президент Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоолор 2015-жылы болот. Ошого карата бийликтеги жана оппозициядагы күчтөр астыртан даярдык көрүшүүдө. Эксперттердин баамында шайлоого чукулдаган сайын саясий күчтөрдүн ортосунда ары-бери көчүү, биригүү, жаңылануу тенденциясы күчөйт.
Кыргызстанда чындап эле оппозициянын биригишине түрткү болгон жагдайлар барбы же бул адаттагы саясий күрөштүн бир көрүнүшүбү? Бул суроо менен саясат таануучу Эмил Жураевге кайрылдык. Анын маегин бул жерден угуңуз:
Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.





























