Блог: Уулдун катасы атанын азабы

Published

Фарида Сейталиева, Бишкек

Январь этегинде Куланак айылынын жашоочусу 78 жаштагы Түмөнбаев Абди ата жарык дүйнө менен кош айтышып, жерге берилди. Пендебиз да, жакшылыкта болобу, жамандыкта болобу ар кандай кеп сөз айтылбай койбойт экен. Айрыкча адамды акыркы сапарга узатып жатып, өмүрүнүн ар бир этабын талдашат экен келгендер.

Абди ата өмүрлүк жолдошу Шарипа апа экөө он төрт баланы тарбиялап өстүрүп, турмушка орду-ордуна жайгаштырышкан. Пенсияга чыкканча колхоздо чабан болуп эмгектенишип, урмат-сыйга татып, грамоталарга, сыйлыктарга ээ болушкан.Тууган-туушкан, эл ичинде жакшы адамдар деген баа алып, кадыр-баркка татышкан.

Союз ыдырагандан кийин, эгемендиктин желаргысы бирде оң, бирде тескери сокту. Ошондой күндөрдүн биринде жаштыкпы, акчанын азгырыгыбы, же демократиянын шарданыбы, атанын балдарынын арасынан динин буруп, башка бир сектага мүчө болуп алышты.

Эчак үй-жай куруп, өз алдынча жашап, отуздан ашып калган уул-кыздарына эне-атанын тили өткөн жок. Ата, баягы силер корккон комунисттик партия жок, биз демократиялык өлкөдө жашайбыз, азыр дин эркиндиги бар деп түшүндүрдү уулу- Кана. Кыйналган жашоодо партияңар силерди карап койдубу?

Уулунун сөзү ишенимдүү чыкты: сектага мүчө болгондорго материалдык жардамдар берилип, кийим-кечек, азык-түлүк алышчу. Ал тургай, айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө дагы көп ирет кумшекер, май, кийим-кечек таратышкан.

Ата-энеси балдардын сөзүнө ынанып калды. Айыл ичинде имиш сөздөр айтылып, ата-эне, бир туугандар ичинде дагы өйдө-ылдый мамиле болду. Аңгыча атанын кызынын уулу кайтыш болуп, жергиликтүү эл башка диндегилерди койдурбайбыз деген принципке турушту. Акыры Амандын сөөгү Ак-Кыядан жай тапты. Ушул чырдан кийин ата-эненин ден соолугуна зак кетти. Абди ата беш жылы төшөк тартып жатты. Өзү буту басып турган кезде мечитке барып сураныптыр: Мен мусулманмын. Балдар жаштык кылды, жаңылды. Мен бир нерсе болуп кетсем, ары-бери түртпөй, ата-бабам жаткан жерден орун бергиле деген экен.

Атам каза болду дегенди угуп, мечиттегилер шарт коюшту-дейт келини – эки баласы кетсин, анан маркумга мусулманчылыктын шартын жасайбыз. Баягы жээнибиздегидей чыр чыкпай, атабыз аркы жакка тынч кетсин деп, кайнилерим кетишти. Албетте, атасына топурак салбай калганына экөө тең өкүнүп калышты. Атам деле буларга ыраазычылыгы бар, ооруп төшөктө жатканда биринен-сала бири алып кетип багышты. Дары-дармегин ташып жатышты. Эне-атанын алдында уул катары милдетин кылышты Кудайдан буйрук болбосо...

kyrgyz@bbc.co.uk