Ош: Газ маселесин ким чечет?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ош шаар тургундары беш күндөн бери газсыз жашап жатат. Апта башында Өзбекстан газды бууган. Анын негизги себебин “Кыргызгаз” ишканасынын орусиялык “Газмпрого” өткөнү менен түшүндүрүп, Өзбекстан менен келишимди жаңылоо керектиги айтылган эле.
Жаратылыш газынын кардарлары анын өчүрүлүшү боюнча эми кимге кайрылууну дагы билбей турушат. Меселени Москва чечеби же Бишкекпи?
Санабар, Ош шаар тургуну:-Биз жер үйдө жашаган үчүн очокко от жагып, тамак ашты, бышырып эптеп жатабыз. Көп кабатуу үйдө жашаган туугандардын баары бизге келип, тамак кылып жатышат. Свет болсо үлпүлдөп чай кайнатканга жарабайт. Кези келгенде газга, светке төлөмдөрдү алдынала төлөтуп алышат. Эми кимге даттанарыбызды да билбейбиз?
Ош шаарында өзбек газын пайдаланган 60 миң кардар бар. Апта соңуна чейин болуп калаар деген үмүттөр эми-эми үзүлүп, көпчүлүгүнүн чыдамы да түгөнүп бараткан экен. Тургундардын бири Анара:
-Жок дегенде электр жарыгы жеткиликтүү болсо кыйынчылык болбойт эле. Кечинде тамак бышырар убакта араң эле үлпүлдөйт. Кыйнчылык байкала баштады. Дагы бир топ убактыка чейин жок болсо абалыбыз кандай болор экен.
Газдын өчүшү тургундар эле эмес электр энергиясына да оорчулук келтирди. Ош шаарындагы электр тармактар ишканасы бул учурдан баштап, кийинки кышка даярдыктарды көрүшү керек болсо, азыр тескерисинче электр кубаты көп керектелип, авариялык өчүрүүлөрдү оңдоо менен убара.
Ишкананын директору Данияр Сыдыков, газ өчкөндөн бери жана аба-ырайынын жаанчыл болуп жатканы электр энергиясына оорчулук алып келип, адаттан тыш керектелип жатканын билдирди.
Ош шаарына Өзбекстан газ берүүнү токтоткондон кийин, кыргыз тарап бул абалды коңшу өлкө менен түзүлгөн келишим мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрүгөн. Газды тез аранын ичинде кайрадан алуу үчүн Өзбекстан тарап менен дагы, "Газпром" менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган эле. Бул боюнча азыр эч бир тарап комментарий бере элек.
"Кыргызгаз” ишканасын шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча келишимге өткөн аптада кол коюп, Орусия тарап бул ишканага көп миллиард сомдук инвестиция салууга милдеттеме алган. Андан тышкары "Газпром" "Кыргызгаздын" буга чейинки карыздарын төлөйт деп айтылган эле. Эми газсыз калган шаардыктар Бишкектин көзүн карап, Бишкек Москва менен Ташкентке жалтактап тургун учуру.





























