“Джунда” заводунун айланасында кайрадан нааразылык күч

    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Кара-Балта шаарындагы мунайзатты кайра иштетүүчү “Джунда” заводу бүгүн үч айлык токтотуудан кийин кайра иштеп баштады. Экономика министрлигинин адистери 20-майда завод толук иштеп баштаарын айтууда.

Бул өз кезегинде аймакта экологиялык абал бузулуп жаткандыгы тууралуу элдин нааразылыгын кайрадан күчөттү. “Асыр” экологиялык уюмунун төрагасы Карыпбек Серенов 14-майда үч жүздөн ашык жергиликтүү тургундар заводдун кайрадан иштешине каршылык билдирип чыгышаарын билдирди.

“Күнү-түнү заводдун жыты кетпеди. Жытын кетирбей туруп заводду иштеткени жатышат. Экинчи маселе, биздин өкмөтүбүз болсо “Джунда” заводуна 217,7 га жерди ижарага бергени жатат”, - дейт Серенов.

Өкмөт өкүлдөрү өз кезегинде Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун ден-соолукка тийгизген таасири олуттуу эместигин, жергиликтүү элди анын зыяндуулугу жөнүндө көбүртүп жабыртылган маалыматтарга ишенбөөгө чакырууда.

Экономика министрлигинин түндүк аймактар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиевдин айтымында, жергиликтүү эл кайтарып алууну суранган жер аларга тиешелүү эмес.

"217 га жер Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жери эмес, Коргоо министрлигинин жери болуп эсептелет. Ушул күнгө чейин ал жер аэродром болгон. Кытайдын “Джунда” заводу менен Коргоо министрлиги келишим түзүп, завод министрликке 1,5 млн доллар которуп беришкен.”, - деди Жумалиев.

Жагымсыз жыт чыгат

Кара-Балта мэриясы өз кезегинде эртеңки боло турган митинг тууралуу расмий түрдө аларга кат жолдонгонун тастыктоодо. Кайрылууда 316 киши мунайзатты кайра иштетүүчү “Джунда” заводунун иштетилишине каршы чыгып, бир нече талаптарды коюшканы жазылган.

“Завод шаардан алыс жерде иштеши керек. Ал жактан жаман жыт келип жатат, мындай улана берсе, жашоочулар ууланып калышы толук мүмкүн”, - дейт жергиликтүү жашоочулар.

Кыргызстандын Өкмөтү бул завод иштеп баштаса, мамлекет мунайзатка болгон көз карандылыктан кутулат деп чоң үмүт артууда. Бирок завод жайгашкан аймактагы жергиликтүү элден заводдун айлана-чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып жатканы жөнүндө күндөн-күнгө арыз-кайрылуулар түшүүдө.

Акыркы жолу 17-февралда Кара-Балтада жергиликтүү эл митингге чыгып, бул завод экологиялык нормаларды сактабай жатканы жөнүндө арызданышкан. Кыргыз өкмөтү жергиликтүү элдин арыз-даттанууларынан кийин кытай инвестору тарабынан курулган заводдун ишмердигине карата талаш-тартыш маселелер аягына чыкканга чейин мунай заводдун ишин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган эле.

Эми завод кайра иштеп баштаганда, жергиликтүү элдин каршылыгы да кайра көтөрүлдү. Инвестор менен жергиликтүү эл тил табыша албай жатканынын себептери, кыязы жоюла элек сыяктуу.