Бишкектеги электораттын 40% кимди колдоорун билбейт
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоого чейин дагы бир жыл бар. Бирок изилдөөчү уюмдар электораттын тамырын тартып, кайсыл партияга добуш берерин сурамжылай баштады.
«Эксперт» жана «SIAR» агенттиктери жарыялаган жаңы изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, Бишкекте сурамжылоого катышкандардын 12,4 пайызы башкаруучу партия саналган СДПКны колдошот. Ошондой эле 6,4 пайызы «Республика» партиясына жана 6,1 пайызы «Ата Мекен» партиясына добушун беришмек.
«Ар-намыс», «Замандаш» жана «Ата-Журт» партияларына добуштар эки пайыздын ар жак бер жагында болуп чыкты. Оппозициядагы партиялардын ичинен түштүктө өтө таасирлүү эсептелген «Улуттар биримдиги» партиясына колдоонун көрсөткүчү жарым пайызга да жетпейт.
Ошол эле учурда сурамжылангандардын 38,2 пайызы кайсыл партияга добуш берүүнү чече элек. Бул азыркы бийликтеги партиялар биригип алган пайыздан кыйла жогору. Ошондуктан бул көрсөткүчтү байкоочулар азыркы бийликтеги партияларга болгон ишенимдин төмөн экенин көрсөтөт деп белгилешүүдө.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо келерки жылы болот. Бирок парламенттик кризис чыгып, шайлоо мөнөтүнөн эрте болуп калабы деген да шектүү ойлор жок эмес. Ошондуктан саясий партиялар шайлоого карата даярдыкты ачык да, тымызын да күчөтүп жатышат. Алардын арасында мурда аты угулбаган жаңы күчтөр жана партиялар да бар. Азыркы серепчилердин баамында бийликтеги партияларга ишенимдин төмөн болуп жатканы келерки шайлоодо парламентке жаңы саясий күчтөрдүн келишине шарт түзөт.
Кыргызстанда 2010-жылы болгон параменттик шайлоодо парламентке беш партия өткөн. Парламенттеги 120 депутаттык орундун 28 “Ата-Журт”, 26 орунду Кыргызстан социал-демократтар партиясы, 25 “Ар-Намыс” , 23 “Республика” жана 18 орунду “Ата Мекен” партиясы алган.

























