Милиция коррупцияга каршы мажүрөө күрөшүүдө
- Author, Шербол Жапаралиев
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Кыргызстанда Ички иштер министрлигин коррупция менен натыйжалуу күрөшпөй жатканы үчүн сынга алышууда. Коргонуу кеңешинин кезектеги жыйынында аталган министрликтин коррупция менен күрөшүүнүн планын аткаруудагы ишинде жылыш жок экени айтылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдакы орун басары, генерал Артур Медетбековдун айтымында, кыргызстандыктардын көпчүлүгү милиция кызматкерлерине ишенбейт.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө укук коргоо органдарына жогорку деңгээлде ишеним жок. Себеби, кээ бир жакшы иштеген кызматкерлердин ишин жана аткарган милдетин, көптөгөн ыплас, терс иштеген кызматкерлер тескери жакка буруп, Ички иштер министрлигинин жаман көрүнүшүнө себеп болуп жатат”, - дейт Медетбеков.
Бирок ал милиция кызматкерлерин гана жамандай берүү туура эмес деп эсептейт. Бул пикирге “Коомдук талдоо институтунун” башчысы Рита Карасартова да кошулаарын айтууда.
“Себеби, өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө бир гана милиция эмес, прокуратура жана сот системалары да маанилүү”, - дейт Рита. – Кылмыш ачуу жагын карай турган болсок, кеп милициянын гана иштешинде эмес, Прокуратуранын көзөмөлү жана соттун чыгарган чечиминен да көз каранды. Милиция көп күн артынан жүрүп кармап келсе, же Прокуратура көз жумуп коюп, же сот башкача чечим чыгарып койгон учурларды көп угам. Буларды көргөн милиция кызматкерлери иштегиси келбей калат”.
Көп убактардан бери милиция тууралуу сөз болгон сайын, Ички иштер министрлигин реформалоо маселеси да айтылып келе жатат. Бирок ушунча убактан бери айтылып жаткан реформаны жасоого эмне тоскоол болууда? Серепчилер бул кадамга өлкө жапырт киришпесе, жалгыздап системаны жаңылоо мүмкүн эмес дешүүдө.
“Мисалы, бир кызматкер системаны оңдойм деп каршы чыга турган болсо, аны система түртүп чыкканга шарттар түзүлүп калган. Мындай жагдайда адам, мен балдарымды эптеп багып жүргөн жерден куулуп кеткенге даярмынбы деп ойлонот. Ошон үчүн бүгүн милиция тармагында көп иштерди жасабаса, кылмышты ачкан да, кылмышты жасаган да милиция кызматкери болуп калышы мүмкүн”, - деди укук коргоочу Рита Карасартова.
Жакында эле Бишкектеги Свердлов райондук милиция башкармалыгынын төрт кызматкери чет элдик жарандарды алдоо, коркутуу жолу менен акча талап кылган деген шек менен кармалган эле. Азыркы тапта бул милиция кызматкерлерине карата “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандын Ички иштер министри Абдылда Суранчиев бул окуя туурасында “Ар бир кылмыш жасаган милиция кызматкери үчүн мен башым менен жооп берем. Милицияга атайын окуудан гана өткөндөр эмес, башка тармактардан да келишет. Адамдардын ички дүйнөсү ар түрдүү”, - деп жооп берди.
Министр ошол эле учурда прокуратура жана коопсуздук комитетинин кызматкерлерине таза эмес иштеген милиция кызматкерлерин биргелешип кармоону сунуш кылды. “Себеби, көпчүлүк учурда Улуттук коопсуздук кызматы жана прокуратура милиция кызматкерлерин кармаганда, ал жаңжал менен аяктап жатат”, - деди А. Суранчиев.





























