Барактыктар Кыргызстанга мал-мүлкүн көчүрүп келди

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы
- Published
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Барак эксклавынан тургундардын курулуш материалдарын, мал-жандыктарын алып чыкты. Чек ара өтмөгүндөгү катаал талаптардан улам эксклавдын тургундары район борборуна жакын аймакка көчүп чыгууда.
Эксклавда отуздан ашуун бүлөө калды. Көпчүлүк жашоочулар ал жерди таштап чыгып кетүүдө. Өкмөт тарабынан барактыктарга 18 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген эле. Каржы маселеси чечиле электигинен ал жерлерде курулуш иштери баштала элек. Эксклавдан көчүп чыккандар, ижарага алган үйлөрдө жана туугандарыныкында баш калкалоодо.
Жашы сексенден ашкан Аттокур Төрөкулов Барак эксклавынан көчүп чыккан тургундардын бири. Карыянын айтымында чек араны кесип өтүү түйшүгүнөн улам көпчүлүк барактыктар ата-конушун таштап чыгууга аргасыз болууда. Барактын айыл башчысы Бурканбек Аширов, маселенин баары чек арадан улам экенин айтты.
Чек арадан карым-катнаш кылуу татаалдашкандан бери эксклавдагы мал-жандыктардын саны да кескин кыскарган экен. Жылдан жылга жашоо шарт оордой берчудөй, дейт айыл башчысы.
Өкмөт эксклавдагы жаштарга Кара-Суу райборборуна жакын жерден 18 гектар жер ажыратып берген. Бул жердин инфраструктурасын түзүп берүү аракеттери көрүлүп жатат,-деди Кара-Суу районунун акиминини орун басары Мирадил Тешебаев.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эксклавдын аймагында быйыл дагы эгин эгилип, дыйканчылык болуп жатканын айтууда. Бирок расмийлер деле ал жерде 30 дан ашуун түтүн гана күн кечирип жатканын белгилеп жатат.
Жер тилкеси бөлүнгөн менен ага үй салууга элдин чамасы чак келбей, өкмөттүк жардамдарга муктаж болуп турган экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаалары менен ал жактагы тал-терегин кыйып, крулушка жарап калабы деп алып чыгып жатышат.
Барак - Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз эксклавы. Оштун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө таандык эсептелип, чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган.
Барактыктар соңку жылдары карым-катнаш өтө оор экенин айтып, бийликке бир нече ирет кайрылууларды жиберишкен. Былтыры элдин көбү чыгып кетип мектептин да жабылуу коркунучу бар экени айтылган эле.
Жакында өкмөт эксклавдагы жаш бүлөөлөргө жер берип, конуш курууга жардам убада кылган болчу. Бирок эксклав тургундары чек арадан кирип-чыгуу оор бойдон калчу болсо эксклавда эч ким калчудай эмес деп айтып жатышат.





























