Мас айдоочуларга кандай жаза жарашат?

    • Author, Самара Сагынбаева
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Айдоочулар жол эрежелерин сактабай, көп адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары кыргыз бийликтерин санаага салган көйгөй болууда. Бирок мас абалында автоунаа айдап жүргөн ээнбаш айдоочуларды айдоо укугунан өмүр бою ажыратуу сунушу депутаттардан колдоо таппай жатат. Анын ордуна тармактык комитет жыйырма миң сом айып пул салуу жөнүндө сунушка токтолууда.

2013-жылы жол кырсыгынан 824 адам каза таап, сегиз миңдей адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми ушул жылдын башынан тарта 2687 жол кырсыгы катталып, кесепетинен 332 адам мерт кеткен. Анын 24 жаш балдар.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу көптүк кылаарын айткан жол кайгуул кызматы, кырсыктын себебин айдоочулардын жол эрежесин сактабай жатканында дешет.

"Жол кырсыгынан кырылып калбайбызбы"?

Жол кырсыгын азайтуу максатында депутат Карамат Орозова сунуштаган мас абалында кырсык кылган айдоочуларды өмүр бою айдоочу укугунан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку кеңештин мыйзамдуулук, тартип жана кылмышка каршы күрөшүү комитети колдогон эмес.

Аталаган комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Калмаматов мыйзамдын санын көбөйтпөй эле азыркы жазылган мыйзамды күчүнө киргизүү керек деп эсептейт.

"Ооба, комитет колдобой койгон. Карап көрсөк, азыркы мыйзам боюнча деле айдоочу убагында кылмыш кылган адамды биринчи жазасы катары эркинен ажыратат. Биринчи жазаны өтөп бүткөн соң, экинчи жаза иретинде айдоочулук укугунан ажыратуу нормасын практикада колдонуп эле келе жатышат. Бүгүнкү күндөгү МАИ кызматкерлеринин коррупцияга батып калганын эске алсак, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып койгонубуз менен ал адам ар кандай жолдор менен айдоочулук күбөлүккө ээ болуп алышы мүмкүн. Биздин заманда бул таң калычтуу көрүнүш эмес. Эң башкысы мыйзамды күчтөнүшүбүз керек",- дейт депутат Калмаматов.

Тармактык комитет мас абалында кармалган айдоочуларга 20 миң сом айып пул төлөтүү жазасына токтолуп жатат.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин башчысы Чынара Сапарбек Кыргызстанда жол кырсыктары алдыңкы жылдары азайбайт деген ойдо.

"КМШ өлкөлөрүнүн арасында жол кырсыгынын санынын көптүгү боюнча Орусия, Казакстандан кийинки үчүнчү орунда Кыргызстан турат. Жолдорубуздун абалын карап көрөлү. Аларды оңдоого бөлүнгөн каражаттар кайда кетет билбейсиң. Болбосо, жыл сайын грант, жардамдарды алып эле жатышат. Коррупцияны азайтмайынча эч кандай жыйынтык болбойт. Мисалы Европада мыйзамдары жакшы иштегендиктен жол кырсыктары аз катталат. Мыйзам иштебеген өлкөдө баары болуусу мүмкүн"-дейт эксперт Чынара Сапарбек.

Белорусияда эки жолу мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган айдоочунун унаасы мамлекетке тартылып алынат. Ал эми мас абалында машине айдап бара жатып кырсык кылса, эркинен ажыратылат.

Мындай катаал чараларды бир катар өлкөлөр жол кырсыгын азайтуу максатында көрүп келет. Кыргызстан да башка өлкөлөр сыяктуу чараларды күчөтпөсө, жол кырсыгынан кырылып калбайбызбы деп чочулагандар арбын...