Стратегиялык ишканалардын шалаакы жетекчилери эми түрмөгө түшөбү?

Эколог адистер "Кумтөр" кенинде өндүрүштүк таштандылар мөңгүнүн үстүнө ташталып, экологияга чоң зыян келип жатканын көп айтышууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эколог адистер "Кумтөр" кенинде өндүрүштүк таштандылар мөңгүнүн үстүнө ташталып, экологияга чоң зыян келип жатканын көп айтышууда.
Published

Жогорку Кеңеш атайын ээнбаштык жана шалаакылык кылып, стратегиялык маанидеги мамлекеттеги ири ишканалардын токтоп калышына күнөөлүү жетекчилерди сегиз жылдан он эки жылга түрмөгө кесүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору боюнча мамлекетке ири зыян же экологияга чоң зыян алып келсе, ага күнөөлүү адамдар он жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамдын демилгечиси, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында Кумтөр алтын кениндеги кырдаалды мисал келтирип, мамлекет үчүн маанилүү ишканаларда өндүрүштү токтотуп коебуз деп коркутуп-үркүтүүгө жол берилбеш керектигин баса белгилеп, ири ишканалардагы ээнбаштык жана шалаакылык үчүн катуу жазалоо жагын Кылмыш Кодексинде карап коюу зарыл болуп жатканын билдирди.

"Центерра" компаниясы Кыргыз өкмөтү тоо-кен иштеринин планын бекитпей жатат деген негизде "Кумтөр" алтын кенинде 13-июнда иш токтотулушу мүмкүн деп билдирген болчу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Центерра" компаниясы Кыргыз өкмөтү тоо-кен иштеринин планын бекитпей жатат деген негизде "Кумтөр" алтын кенинде 13-июнда иш токтотулушу мүмкүн деп билдирген болчу.

«Он жылдан бери элди алдап келишкен мөңгүлөргө тийбейбиз деп. Иш жүзүндө алар мөңгүнүн жарымын жоготушуптур, эми алар мөңгүнүн чокусун көчүрөбүз деп, ачык жол менен карьер казып, сексен тонналык алтынды алабыз деп атат. Бул биздин келишимге каршы келет, экологияга орду толгус зыян алып келет. Коммерциялык ишкана биздин мамлекетти ушинтип шантаж кылып, өндүрүштү токтотуп койгонго укугу болбош керек. Эгер чын эле токтотом десе, келишимде көрсөтүлгөн консерванция бар экен, ага бир нече жүз миллион акча кетет. Алар баарын жөн токтотуп таштап кетип калабыз дегени болбогон сөз. Биз аларга кылмыш жазасын көрүп койгонубуз туура болот»,-деди Өмүрбек Текебаев.

«Центерра» компаниясы Кыргызстандын Өкмөтү тоо-кен иштеринин планын бекитпей жаткандыктан, 13-июнда Кумтөр кенинде өндүрүштүк ишти токтотууга мажбур болорун эскерткен маалымат тараткан.