Кумтөр алтын кенинде “Мөңгү жөнүндө” мыйзамды аткаруу мүмкүн эмес

Published

Кумтөрдүн айланасындагы талаш-талкуунун кезектеги толкуну “Мөңгү жөнүндөгү мыйзамдан” улам көтөрүлдү. “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам кабыл алынса Кумтөрдөгү иш токтоп калат деп Өкмөт чырылдаганда президент аны каршылык жазып кайтарып бербеке аргасы калбады. Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары комитети өкмөт өкүлдөрүн чакырып алышып, маселени кайрадан карады.

Биринчи вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев “Мөңгү жөнүндө” мыйзам долбоорунун түпкү идеясын Өкмөт колдой турганын, бирок аны кабыл алып жатканда экономикалык зыян жагы эске алынбай калганын билдирди.

“Бул мыйзамдын алтынчы беренесинде так эмес жазылып калган, бардык иштерге тыюу салынат деп. Эгерде буга бара турган болсок, ал жерде иш токтойт. Иш токтогондон кийин бюджетке эсептелген алты миллиард сом быйыл да, кийинки жылы да түшпөйт”,-деди Таирбек Сарпашев.

“Мөңгү жөнүндө” мыйзам долбоорунда тоо-кен иштерин жүргүзүү учурунда мөңгүлөргө зыян келтирбөө, кен казуу иштерин жер алдында жүргүзүү жагы каралган. Бирок так ушул кен казуу иштерин жер алдында жүргүзүүгө “Кумтөр”компаниясы даяр эмес болуп чыкты.

“Адистер менен көпкө сүйлөштүк, акылдаштык. Бүгүнкү күндө Кумтөр кенинде жер алдынан казуу иштерине өтүшкө мүмкүн эмес. Башында өтсө болмок, бирок бүгүнкү күнү өтө албайт. Породалардын баары бош болуп калган. Ошондуктан, бул мыйзам кабыл алына турган болсо ошол эле күнү бул жерде ишти токтотуш керек”,-дейт Мамлекеттик геология агентигинин директору Зилалиев Дүйшөнбек.

Кумтөрдө алтын казуу иштери мөңгүлөрдү ордунан көчүрүү иштери менен байланыштуу болгондуктан, Мамлекеттик геология агенттиги Кумтөр компаниясынын тоо-кен иштеринин планын бекитпей жаткан. Ошондо “Центерра” компаниясы 13-июнда өндүрүштү токтотууга аргасыз болорун эскерткен.

Жогорку Кенештеги “Ата Мекен” фракциясы Центерранын эскертүүсүн шантаж катары айыптап, Кумтөрдү улутташтыруу талабын кайрадан көтөрүп чыккан. Акыры Мамлекеттик геология агенттиги Кумтөрдүн тоо-кен иштеринин планын бекитип, бирок мөңгүлөр менен байланышкан иштерди республикалык экологиялык кызматтар менен макулдашып жүргүзүү керек деген шарт койду.

Мамлекеттик комиссия Кумтөрдө өндүрүштүк таштандылар мөңгүнүн үстүнө төгүлө бергендиктен, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы жок болуп кеткенин аныктаган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик комиссия Кумтөрдө өндүрүштүк таштандылар мөңгүнүн үстүнө төгүлө бергендиктен, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы жок болуп кеткенин аныктаган.

“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси Эркингүл Иманкожоева тоо-кен иштерин жер алдында жүргүзбөсө, мөңгүлөр эрип кыскарып жок болуп, экологияга оңбогондой зыян келет деп күйүп-бышып, бул мыйзамга каршы болуп жаткан Өкмөт өкүлдөрүн экологияны ойлобогондугу үчүн сынга алууда.

Өткөн жылы мамлекеттик комиссия Кумтөр алтын кенин канадалык компанияга берип иштеткенден мамлекет алданып, экологиялык дагы, экономикалык дагы ири зыян тартканын эсептеп чыккан. Атап айтканда, өндүрүштүк таштандылар мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлө берип, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы жок болуп кеткени айтылган.

Ошондо Кумтөр компаниясын улутташтыруу жөнүндө маселе коюлуп, маселе бир жылдан ашык талаш менен талкууланып, акыры Центерра компаниясы менен Кыргыз Өкмөтү биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашкан. Бирок соңку учурда бул макулдашуунун ишке ашары да күмөн болуп жатат.