Газ менен камсыздоонун альтернативалуу жолу табылабы?

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы
  • Published

Кыргызстан Ош шаарын газ менен камсыз кылуунун альтернативалуу жолун издеп баштады. Ош аймагына Өзбекстан тараптан келчү газдын буулганына эки айга чукул убакыт өттү. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай келүүдө. Өкмөт электр энергиясын пайдалануу, ошондой эле суюлтулган газ менен камсыздоо аркылуу кырдаалдан чыгуу жагын караштырууда.

Ош шаарында Өзбекстандан келген жаратылыш газын пайдаланган 60 миң кардар бар. Азырынча суюлтулган газ менен камсыздоо жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү аркылуу кырдаалдан чыкса болобу, жокпу деген маселе талкууланып жатат.

Ош шаарын газ менен тейлөө боюнча башкармалыктын башчысы Маматкалык Ааматов:

"Ар кандай жолдорун издеп жатабыз. “Кыргызгаз” дагы өз сунуштарын берип жатат. Ошол эле суюлтулган газ менен камсыздоо жагы да каралууда. Бүгүн “Кыргызгаз” жетекчиси Орусияга кетти, ал жакта бул маселе боюнча да сүйлөшөм деп айтты. Эгер суюлтулган газ менен камсыздасак көп каражаттар өзүбүздөн чыкчудай болуп турат."

Бирок коомчулук арасында бул сыяктуу жолдор менен кырдаалдан чыгуу мүмкүн эмес деген да пикирлер бар. Экономика тармагы боюнча адис Эркин Абдразаков:

"Альтернативдүү газдаштыруу келечекте мүмкүндүр. Бирок мына азыр сунушталып жаткан суюлтулган газ менен калкты камсыздайм десе кымбатка түшчүдөй болуп турат. 70 миң абонент боло турган болсо ар бир кишиге экиден газ балон керек. Ошону эле эсептегенде бир адамга эле бир жарым миң сом керектелчүдөй болуп турат. Муну эл өз чөнтөгүнөн бербейт. Себеби газ берилип жатканда кеклишимдер болгон, эгер кардар газга болгон карызын төлөбөсө туумдары менен кошо төлөп берүү жагы милдеттендирилип келген. Мына эки айдан бери газ жок, эми биз кимди милдеттендирерибизди билбей турабыз. Андан башка каражат талап кылган жактары да бар. Экинчиден, коопсуздук жагы да эске алынышы керек. Совет мезгилинде ушундай газды көп пайдаландык. Атайын адистер коопсуздук жагын абдан кылдат карашчу. Азыр эми өзүңөр көрүп Орусиядан ушундай газдан канча жарылуулар катталып келатат. Бул жагын да эске алыш керек. Жөн эле элди алагды кылып убакты өткөрө бербей конкреттүү аткарыла турган жолдорду табышыбыз керек."

Бирок коопсуздук жагы өтө эле чочулата тургандай маселе эместигин Маматкалык Ааматов ишендирүүдө:

"Коопсуздук жагынан газ балондорду ар кандай эле үйгө иштетесе болот. Бирок талаптарын туура сакташ керек. Азыр деле көп газ жетпеген үйлөрдө иштетип эле келатышат."

Чарбалык маселе кантип саясый талкууга айланды?

Газ маселеси чарбалык маселеден саясатка айланып бартканын айткандар бар. Өзбекстан газ маселесин чечүү үчүн Сох эксклавына коридор берүү жана Нарын дарыясындагы ГЭСтердин курулушун токтотуу талабын койгону туралуу маалыматтар чыгып кетти.

"Мындай шартта газ кризсинен чыгуунун башка жолдорун карашытырып, чыдамдуу, сабырдуулук менен абалдан чыгышыбыз керек. Башында Энергетика министрлиги, “Кыргызгаз” ишканасы туура эмес кадам таштады. Ишкана сатыла турганы анык болгондой кийин документ иштери бүткөнгө чейинки жагдайларды эске алыш керек болчу. Мына эми азыр Өзбекстан Сохко коридор сурап жатыптыр, ГЭСтердин курулушу боюнча талап койуп жатыптыр деп угуп жатабыз. Бул маселе акыр бир күн көтөрүлөт болчу. Мына эми газдын шылтоосу менен айтылып жатат. Ошондуктан газ маселесин чечүүдө кандай кошумча жолдорун карасак да чыдамдуулук менен чечишибиз керек. Эч качан өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген талаптарга моюун сунуп бербешибиз керек",-деп билдирди Ош шаардык Кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев.

“Кыргызгаз” ишканасын шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча келишимге апрель башында кол коюлган. Орусия тарап бул ишканага көп миллиард сомдук инвестиция салууга милдеттеме алган. Андан тышкары “Газпром” “Кыргызгаздын” буга чейинки карыздарын төлөйт деп айтылган эле. Бул келишимге жетишкенден көп өтпөй Өзбекстан Ош аймагына газ берүүнү токтотту.

“Газпром” менен документ иштери толук бүтө элек. Газ боюнча алардын сүйлөшүулөрүнөн да үмүт үзбөшүбүз керек. Орусия тарап дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт",-дейт Ош шаарын газ менен тейлөө боюнча башкармалыктын башчысы Маматкалык Ааматов.

Газ келеби, жокпу, эртең суук түшсө эмне болот? деген кабатырлануулар тургундардан тартып, бийлик өкулдөрүнө чейин тынчсызданууларды жаратып турган чак.

Кыргызстандын түштүк аймактары газ боюнча башынан эле Өзбекстанга көз каранды болуп келатат. Өзбек тарап карыз маселеси, же башка себептер менен кээ учурда газдын басымын азайтып, токтотуп койгон учурлар көп эле катталган. Бул жолу “Кыргызгаздын” Орусиялык компанияга сатылышына байланыштуу жаңы кожоюндар менен келишим түзүлүшү керек деп айтылганы менен талдоочулар Өзбекстан көп учурда газ маселеси башка бир жагдайларга байланыштуу да курал катары колдонуп келгенин айтып жатышат.