Электр кубатына тариф саясатынын долбоорун Өкмөт чакырып алды

Published

Электр кубатына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоорун Өкмөт Жогорку Кеңештен чакыртып алды.

Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Өкмөт башчыдан тийиштүү кат келип түшкөнүн спикер Асылбек Жээнбеков дагы ырастады.

Электр кубатына тарифтердин орто мөөнөттүү саясаты жөнүндө программаны Жогорку Кеңеш өткөн жумада эле карап баштаган болчу. Аталган документке ылайык, үч фазалуу электр эсептегичти колдонгондорго 1-июлдан тарта баалар 1 сом 20 тыйынга көтөрүлмөк.

Ал эми катардагы керектөөчүлөр үчүн тариф мурдакыдай эле 1 квт саатка 70 тыйын бойдон калат деп айтылган.

Ошондой эле келерки жылдын апрель айынан тарта тарифтерди жыл сайын рентабелдүүлүк менен инфляцияга жараша көбөйүп туруу жагы да каралып жаткан.

Электр кубатына тарифтерди көбөйтүүгө Жогорку Кеңештеги көп депутаттар катуу каршы чыгышууда. Алар бул тармакта коррупцияны жойбой туруп тарифтерди көтөрүүдөн пайда болбой турганын айтышууда.