Филл Беннетт: Бажы Биримдигине кирүү теориясы жакшы, кеп аны кантип ишке ашырууда турат
Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ишмердигинин стратегиясын өзгөртүүдө. Аталган эл аралык уюмдун вице-президенти Филл Беннетт бул стратегияны өкмөт жана ишке чөйрөнүн өкүлдөрү менен талкуулап жатып, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү процесси боюнча да маселеге кайрылды.
Би-Би-Си: Кыргызстандын Өкмөтү жана ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы ишмердигинин жаңы стратегиясын талкуулаганыңыздар белгилүү. Ушул стратегиянын мурдакы стратегиялардан кандай принципалдуу айырмасы бар?
Беннетт: Акыркы төрт жыл ичинде биз ар кандай тармактарга кеңири көңүл бурдук, ошондуктан биз азыр багытыбызды куушуруп жатабыз. Биздин үч негизги тармагыбыз болот, регионалдык өз ара байланыштар, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана үчүнчүсү - муниципалдык структуралар.
Би-Би-Си: Чакан жана орто бизнеске келгенде кеп кайсыл конкреттүү ишканалар же долбоорлор тууралуу болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, b
Беннетт: Бизде чакан жана орто бизнестин кеңири спектрдеги ишканалары бар, анын ичинде текстил өнөр жайы, эмерек чыгарган ишканалар жана мейманканаларды алсак болот. Чакан жана орто бизнес дегенде, анда иштеген кызматкерлердин саны менен аныкталат эмеспи. Биз сунуш менен да, керектөө менен иштейбиз. Ошондой эле ишканалар үчүн каржы булактары, рыноктогу капитал жеткиликтүү болсун үчүн ишканаларга кеңеш берген кызмат да көрсөтөбүз.
Би-Би-Си: Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө даярданууда. Бул процесстин Европанын кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорунун келечегине таасири кандай болору канчалык талданган маселе?
Беннетт: Бул абдан маанилүү суроо. Мен бул күндөрү ким менен жолугушсам, алардын баары ушул суроону берип жатат. Мен банктын жана корпорациялардын башчылары, чакан жана орто бизнестин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолуктум. Алардын ар биринин өзүнчө көз карашы бар.
Каржылык жана физикалык тоскоолдуктардын кыскарышы инвестициялардын улам көбөйүшүнө өбөлгө болот деген үмүттөбүз. Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү. Ошондой эле эрежелерди, стандарттар жагынан мыйзамдык көп өзгөрүүлөрдү жасаш керек болот. Түпкү максат – товарлардын эркин агымынын көбөйүшүнө жетишүү.
Бирок бул жерде эл жакшы түшүнбөгөн, тынчсыздандырган маселелер болууда. Менин оюмча, көпчүлүк чынында билбейт Бажы биримдигинен эмне келерин. Ошондуктан Кыргызстандын Өкмөтү жана Бажы биримдигиндеги башка мамлекеттер бул биримдикке киргенден эмне өзгөрөрү тууралуу көбүрөөк маалымат бериши керек.
Бажы биримдигинин негизинде жаткан теория жакшы, бирок эми аны практикалык түрдө кантип ишке ашырабыз, маселе ушуга келип такалууда.





























