Сирияга кеткен кыргызстандыктардын өздүгү аныкталууда

Сүрөттүн булагы,
Кыргызстандын Ош облустук ички иштер башкармалыгы Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт деп айтылган Ош аймагынын сегиз тургуну ошол жакта каза тапканын билдирүүдө.
Милициянын маалыматына караганда, жүздөн ашуун кыргызстандык Сириядагы жаңжалга аралышып жүрөт. “Алардын дээрлик көпчүлүгү Орусия кеттим деп, туугандарына да айтпастан кеткени белгилүү болууда”, - дейт милиция. Ош облусунун аймагында “Антитеррор” деген аталыштагы атайын операция өткөрүлүп, Сирияга чыгып кетти делген бир катар кишилердин өздүгү такталган.
“Сирияда жүргөн кыргызстандык жарандардын каза тапкандары тууралуу ар кандай маалыматтар интернет булактарында айтылып келатат. Ош облусу боюнча сегиз жаран каза тапты деген маалымат бар. Азыр бул маалыматтарды тактап жатабыз. Оштун төрт тургуну Сирияда туруп, “бизди алып кеткиле” деп атайын кызматтарга кайрылышкан. Булардын баары аялдар, алардын күйөөлөрү ошол жакта каза тапкандан кийин башка согушкерлерге нике кыйып койгон. Аларды мекенине кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат”, - деп билдирди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.
Ар кандай маалыматтарда Кыргызстандан жүздөн ашуун киши Сириядагы чыр-чатакка тартылган деп айтылып келген. Милиция алардын өзүгүн тактоо аракетин улантып жатат. Жаз башында Кыргызстандын муфтияты өлкөдө жашаган бардык мусулмандарга кайрылып, Сириядагы жихадчыларга кошулуп кетүүдөн сак болууга үндөгөн эле. Атайын кайрылууда Кыргызстанда жөнөкөй адамдарды Сириядагы согушка тартууну көздөгөн топтор пайда болгону айтылып, ислам дини мындай согуштарга, жаңжалдарга катышып, адам өлтүрүүгө тыюу салат деп белгиленген.
“Радикалдуу диний уюмдар азыр интернет аркылуу маалымат таратууга өттү. Ошого таасирленген жаштар да бар. Биз “интернет терроризмин” кантип алдын алсак болот деген маселени ойлонушубуз керек”, - дейт Ош облусунун казысы Ныязалы Арипов.
Сириядагы согушка катышууну көздөгөн деген шек менен Кыргызстанда соңку бир жыл ичинде жыйырмадан ашуун киши суракка алынган. Алардын экөөнү Сирия менен коңшулаш жайгашкан Түркиянын аймагында жүргөн жеринен кайтарып келишкени кабарланган эле.
Кыргызстандын коопсуздук кызматтары Сирияга чыгып кеткендердин өздүгүн тактоо, ал жакка азгырылгандарды кайтаруу аракетинде такай иш-аракеттер жүрүп жатканын кабарлап келатат. Буга чейин Кызыл-Кыя аймагында Сириядагы согуш үчүн даярдалган топ ачыкка чыкканы белгилүү болгон.

























