Ошто алты саатка чейин жарык өчөт

Ош.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош.
Published

Кыргызстандын энергетика министрлиги электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясатын коомдук талкууга чыгарды. Бүгүн бул боюнча Ош шаарында талкуу өттү. Министрлик 700 кВт саатка чейин электр энергиясын пайдалангандар үчүн 70 тыйындан, андан ашыкча пайдалангандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө сунушун киргизип жатат.

Ал ортодо жаз башынан бери газсыз калган Ош шаарында электр жарыгын 6 саатка чейин өчүрүү зарылдыгы жаралганы айтылууда. Керектөө белгиленген чектен ашып кеткен. Шаар бийлиги өчүрүү көп кабаттуу үйлөрдө болбойт деп ишендирүүдө.

“Ош-Электро” ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алиханов, “Шаардагы электр энергиясын колдонуу берилген лимиттен 40 пайызга чейин ашып кеткен. Бир суткалык лимит Ош шаарында 1 млн 300 миң кВт саат каралган болсо, учурда 1 млн 835 миң кВтга жетип олтурат,”-деп айтууда.

“Өчүрүүлөр түнкү убакытта гана болуп, шаардагы газдын жоктугун эске алып көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүүлөр болбосун деген сунуш берип аны энергетиктер туура кабыл алды,-дейт шаардын вице-мери Кутманаалы Абдракман уулу.-Суук түшкөнгө чейин лимитти кармап турбаса кышында керектөөлөр мындан да күчөйт. Ошондуктан шаар бийлиги азыртан өчүрүүлөргө макул болду”.

Ош шаар бийлиги Казакстандан алынып жаткан электр энергиясынын эсебинен Ошко берилген лимитти чегин көбөйтүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрыларын билдирүүдө.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн апаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев, чектөө киргизилип жатканда бардык жагдайлар эсепке алынган деп айтты.

Быйылкы жылы кыштан чыгуу үчүн 2 млрд. 400 млн. кВт саат электр энергиясы жетишисиз болуп жатканы белгилүү болгон. Жакында эле өкмөт Казакстандан 1 миллиард ашуун кВт саат электр энергиясын сатып алууга сүйлөшүүлөр болгонун билдирген. Андан сырткары Түркмөнстандан алуу маселеси каралып жатканы айтылган эле.

Бул кырдаал апрель ортосунан бери Өзбекстан газ берүүнүн токтотуп койгон Ош аймагы үчүн өзгөчө оор маселе болду. Өкмөт атайын каражат бөлүп, жай ортосунан бери Оштогу электр кубатын күчтөндүрүү, жылытуу борборлорун көмүргө өткөрүү аракетин көрүп келатат.

Бирок кантсе да тургундар арасында кыш мезгилинде жарык өчсө, көп кабаттуу үйдө жашагандардын абалы кандай болот деген кабатырлануулар бар.