"Ата Мекен" Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө өкмөткө тапшырма берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
«Ата Мекен» фракциясы "Кумтөр" компаниясынын мүлкүн улутташтырууга чакырган чечим кабыл алды. Бүгүнкү жыйында фракция Өкмөткө Кумтөрдүн мүлкүн улутташтыруу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берди.
Ошол эле учурда “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров Өкмөт Кумтөрдү улутташтырууга барса, анда өкмөт бир жарым миллиард доллар компенсация төлөп калышы мүмкүндүгүн эскертти.
Кумтөр боюнча мындан мурдагы өкмөттөр ар түрдүү коррупциялык схемалар менен Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбеген келишимдерди түзгөн деген айыптоолордон улам, жаңы келишим түзүү талаптары коюлуп, талаш-талкуулар бир нече айлардан бери токтобой келет.
Көптөгөн суроолордун арасында Кумтөрдү улутташтыруу талаптары дагы айтылууда. Бирок, Кыргыз өкмөтү мындай кадам Кыргызстан үчүн мыйзамдык жактан дагы, экономикалык жактан дагы чоң зыяндарга алып келээрин эскертип келет.
Буга чейин Кыргыз Өкмөтү менен "Центерра" компаниясы бир катар талаш-талкуулардан кийин Кумтөрдө тең башкаруудагы биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

























