Бишкекте Путинди колдогон митинг болду

Published

Бишкекте Россиянын Элчилигинин алдында жыйырма чакты адам митингге чогулуп, президент Путиндин саясатына колдоо жана тилектештик билдиришти.

Митингге чыккандар колдорунда «Путин 21-кылымда дүйнөдөгү акыйкаттык жана коопсуздук үчүн күрөшкер», «Россия биздин түбөлүк стратегиялык шеригибиз», «Батыш! Россияга каршы экономикалык блокада менен санкцияларды токтот» деген ураан-чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Митинг «Таза оппозициялык кыймыл» уюмунун мүчөлөрү жана Путиндин саясатын колдогон активисттер тарабынан уюштурулду. Митингге ошондой эле башка бейөкмөт уюмдардын да өкүлдөрү келишти. Келгендер баары биригип жыйырма адамдан ашкан жок.

"Азыркы мезгилде Россияга да, Путинге да оор мезгил болуп жатат. Аларга оорчулук келсе, бизге да тиет. Анткени ал жакта биздин бир жарым миллион жараныбыз иштеп, үйүнө 3 миллиард долларга чейин акча салып жатат. Анын аркасы менен биздин элибиз жан багып, экономикабыз да кичине жанданып жатат",-дейт "Таза оппозициялык кыймыл" уюмунун жетекчиси Назарбек Нышанов.

Кыргызстанда Россияга ыктаган, Путинди жактаган маанай күчтүү. Мындай мамиле биринчи кезекте орус тилдүү калктын арасында бар. Экинчиден, өлкөдө орус тилдүү маалымат каражаттарынын пропагандасы басымдуу түрдө жүрүп жатат.

Үчүнчүдөн, беш миллион элдин бир миллионго жакыны Россияда жан багып, иштеп, үйүнө акча жөнөтүп жатат. Россиядагы мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жан багуу жашоосу Россия менен, Путиндин саясаты менен байланышкан. Ошондуктан алар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечимин колдоп, өлкө келечегин Россия менен бир карап жатышат. Путиндин атын Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине коюу, Ош шаарындагы жаңы курулуп жаткан көпүрөгө берүү демилгелеринин төркүнү ушул жакта.

Экинчи тарапта Россия менен болгон интеграциялык процесстерди мурдакы СССРди калыбына келтирүү, өлкөнүн эгемендиги менен эркиндигине коркунуч катары карап, чочулап жаткандар. Бир катар жаштар бирикмелери Бишкекте Бажы биримдигине кирүүгө каршы митинг акцияларды өткөрүп келатат.

Ошондой уюмдардын бири "Кыргызстан Бажы Биримдигине каршы” элдик кыймылы. Анын өкүлү Алымбаева Аиданын айтымында, Бажы Биримдигине киргенде Кыргызстан кыйдла эле зыян тартат:

"Кыргызстанга биринчиден, саясий зыян келет. Эгемендигибиз коркунучта калат. Анткени негизги чечимдерди Москва кабыл алып калат. Мына азыр карасаңар, "Кыргызгазды" "Газпром" сатып алгандан кийинки абалды. Бүт жерде күйүүчү май 35 пайызка чейин арзандап жатат, а бизге Россия дагы эле кымбат сатып жатат",-деди Аида.

Кыргызстан жаңы жылдан тарта Бажы Биримдигине мүчө болуп кирген жатат. Бул жөнүндө келишимге 23-декабрда Минскиде Жогорку евразиялык экономикалык советинин кезектеги жыйынында кол коюлмакчы.

Ага чейин эле өлкөдө азык-түлүктүн жана биринчи кезекте колдонулуучу товарлардын баасы кымбаттап жатат. Бажы биримдигине киргенден кийин көп продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 20 пайызга чейин көтөрүлөт деген божомолдор жасалууда.