Юстиция министри кызматынан кетүүгө арыз берди

Алмамбет Шыкмаматов президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевден кечирим сураштан баш тартты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмамбет Шыкмаматов президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевден кечирим сураштан баш тартты.
Published

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев менен болгон жаңжалдан кийин андан кечирим суроодон баш тартып, кызматынан кетүү тууралуу арыз берди.

Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетүү жөнүндө арыз бергенин Би-Би-Сиге өзү ырастады.

"Данияр Ильич маселени кабыргасынан койду, кечирим сура менден, анан иштей бер деди. Мен үчүн министрдин кызматы үчүн кечирим суроо жат. Айтпаган сөз үчүн, кылбаган иш үчүн мамлекеттик жогорку деңгээлде майда, ушак маселесин алып чыгып талкуулоонүн өзү мага жат көрүндү. Жалпы эле мамлекеттеги саясат жана мамлекеттик атка минерлердин саясий маданияты үчүн алар эмес мен уялып, кызматыман кетүүнү чечтим",-деди Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевден кечирим сураганга негиз жок деп баш тартып, ал эми Аида Салянованын баш прокурор кызматынан кеткени Данияр Нарымбаевдин саясий оюну болду деп гезитке чыгып кеткен маалыматты бурмаланып берилген деп билдирүүдө.

Бир күн мурда бул жаңжал парламенттеги көпчүлүк коалициянын кеңешинде каралып, бирок бир бүтүмгө келе алышкан эмес.

Алмамбет Шыкмаматовдун маеги «Азия ньюс» гезитине 22-январда жарыяланган болчу. Ошондон кийин президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев юстиция министри аны жаманатты кылды деген негизде анын кечирим сурашын талап кылып, бул маселени кароону суранып, башкаруучу коалициянын кеңешине кайрылган болчу.

"Саясий технологдор иштеп жатат"

Ал ортодо байкоочулар бул жаңжал коалицияны бир жагынан жаманатты кылып, экинчи жагынан аны ичинен ыдырашына же Ѳкмөттүн таркашына чейин алып келиши мүмкүн деген жоромолдорду жасап жатышат.

Саясий серепчи Марс Сариев: "Саясий процесстер жөн өтпөй калды. Бул жерде абдан ойлонгон саясий технологдор иштеп жатат".
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясий серепчи Марс Сариев: "Саясий процесстер жөн өтпөй калды. Бул жерде абдан ойлонгон саясий технологдор иштеп жатат".

Анткени, Алмамбет Шыкмаматов «Ата мекен» фракциясынан коюлган жана фракция лидери Ѳмүрбек Текебаевдин өтө ишенимдүү адамдарынын бири болуп саналат. Саясий эксперт Марс Сариевдин баамында, Аида Салянованын баш прокурор кызматынан кеткенден баштап ага уланган саясий окуялардын баарысы өзүнөн өзү болгон жок, бул жерде такшалган саясий технологдордун иши бар сыяктанат.

"Саясий процесстер жөн жеринен өтпөй калды. Бул жерде аябай ойлонгон саясий технологдор иштеп жатат. Чоң комбинациялар бар, чоң варианттар бар. Менин оюмча, элиталык топтордун ортосунда өзүнчө консенсус түзүш үчүн саясий башка конфигурация түзүлүп жатат. Себеби Салянованын кетсин деп көп эле саясий фигуралар айтып жаткан. Салянова кеткенден кийин бир бүтүмгө келип, жазда ар кандай инциденттер чыкпасын деген ой менен ар кандай будуң чаң болуп жатат го деп ойлойм. Анан Текебаев чын эле кайрадан күчкө кирди. Москвага барып, балким ар кандай бейформал колдоо алып жатышы да мумкүн",-деди Марс Сариев.

Кыргызстанда быйыл күзүндө кезектеги парламенттик шайлоолор болот. Ѳлкөдө азыр болуп жаткан саясий процесстерди негизинен ошол өнөктүккө көрүлгөн даярдык менен байланышта карап жатышат. Шайлоого чейин ички эле эмес, сырткы күчтөрдүн да таасири астында өлкөдөгү саясий конфигурация бир топ өзгөрүп кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда.