“Кумтөр”: Улутташтыруу же капитуляция?

Published

"Кумтөр" долбоору боюнча “Центерра” менен биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө Өкмөттүн отчетун угуп жаткан Жогорку Кеңеште айрым депутаттар ири алтын ишканасын улутташтырууну, ал аткарылбаса анда Өкмөттү кетирүүнү талап кылышууда.

"Центерра" менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңешке премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирүү жасады. Анын маалыматына караганда, Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча негизги макулдашуу бүтүп калды, бирок ага кошумча келишимдерди бүтүрүү үчүн дагы убакыт керек.

“Центерра” менен сүйлошүүлөр өткөн жылы август айында башталган, кезектеги сүйлөшүүлөр азыр Бишкекте өтүп жатат. Эки тарап өздөрү жалдаган эл аралык укуктук, финансылык компаниялар жана эксперттер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Кыргыз өкмөтү DLA Piper, Price Water House Cooper жана AMEC сыяктуу эл аралык компанияларды жалдап иш алып барууда.

“Кумтөр” долбоорун 2012-жылы парламенттик, мамлекеттик комиссия текшерип чыгып, буга чейинки келишимдердин баары коррупция болгон, ошол себептүү мамлекетке эбегейсиз экономикалык жана экологиялык зыян келди деп бүтүм чыгарган. Ошондон кийин Өкмөт Кумтөрдө Центерра менен биргелешкен ишкана түзүү керек деген сунушка Жогорку Кеңешти араң көндүргөн. Бирок парламенттеги эки фракция азыркыга дейре Кумтөрдү улутташтыруу керек деген ураандан кайта элек.

Расмий маалыматка караганда, башынан бери Кумтөрдө 297 тонна алтын казылып алынган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмий маалыматка караганда, башынан бери Кумтөрдө 297 тонна алтын казылып алынган.

Башкаруучу коалициянын ичиндеги “Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Өкмөткө сунуштаган. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бүгүнкү жыйында ошол позициясын кайталап, "Кумтөр" ишканасын улутташтыруу керек деп билдирди.

"Кумтөр" маселеси эки жол менен чечилет. Биринчиси- улутташтыруу, экинчиси - капитуляция. Башка жол жок",-деди Өмүрбек Текебаев.

Башкаруучу коалициянын төрагасы Феликс Кулов Өкмөт Кумтөр маселесин чече албаса, апрель айында кызматтан кетсин деген сунуш айтты.

Кумтөр долбоорунун создугуп, чечилбеген түйүнгө айланып кеткенинин башкы себеби анын саясатташкан маселеге айланып кеткенинде дешет эксперттер. Ошол себептүү анын жакында чечилерине коомчулукта ишенбеген маанай күчтүү.

Кумтөр дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катары кирет. Бул кен Кыргызстандын бюджеттин түзүүчү негизги ишканалардын бири деп саналат. Расмий маалыматка караганда, башынан бери Кумтөрдө 297 тонна алтын казылып алынган, анын ичинен Кыргызстан тапкан пайданы так билген киши жок.

Кумтөр өзүнүн отчетунда өткөн жылы 17 тонна 657 кг алтын өндүргөнүн билдирген. Өкмөттүн айтымында, 2014-жылдын жыйынтыгында Кумтөр 110 млн доллар пайда тапты, эгер биргелешкен ишкана түзүлүп калса, анын элүү пайызы Кыргызстанга кала турган болду.