Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө

Сүрөттүн булагы, b
Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө. Коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде бүгүн ак калпак кийгендердин саны көп.
Жыл сайын 5-март күнү улуттук баш кийимди даңазалоо иш-чаралары жаштар тарабынан активдүү өткөрүлүп келатат. Быйыл Ош шаарында облустук жол кайгуул кызматы менен “Азем” маданий борбору биргеликте ак калпак күнүнө карата атайын акция өткөрдү.
Жол эрежесин бузган айдоочуларга катуу эскертүү берилип, бирок айдоочуларды айыпка тарткандын ордуна кайра аларга калпак кийгизип, жол эрежелерин бекем сактоо убадаларын алышты.

Акциянын демилгечиси аталган маданий борбордун жетекчиси Эрнист Кулназаров, “Өлкөдө жол эрежелерине байланышкан маселе улам курчуп, кырсыктар көп катталып жатканда жакшылыктын бир жышааны болсун, кырсыктар азайсын деп, айдоочуларга ак калпак кийгизип, ак жол каалап жатабыз. Бул бир жагы улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты даңазалоо, анын жөн гана улуттук баш кийим эмес, улутубуздун, маданиятыбыздын сыймыгы экенин жаштарга айтып берүү, даңазалоо болууда”,-дейт.
Эске салсак, режиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен мындан төрт жыл мурун 5-март ак калпак күнү катары белгиленип баштаган. Мамлекеттик расмий майрам катары белгилөнү өтүнүшкөн бирок мамлекет жооп бере элек.
Жыл сайын бул күнү иш кеңселеринде, көчөдө, жумушта, коомдук унааларда калпакчандардын саны арбып барат.

























