“Хезболла” сүннит согушкерлерге кол салат

Сүрөттүн булагы, AFP
Ливандагы “Хезболла” радикалдуу шиит күчтөрү Сириянын аймагындагы сүннит согушкерлердин “Фронт ан-Нусра” тобуна кол салмакчы болуп жатканын “Хезболланын” лидери шейх Хассан Насралла билдирди.
Шейшембиде телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн кайрылуу сөзүндө шейх Насралла, сириялык көтөрүлүшчүлөр көп учурда Ливандын чек арасынан өтүп, “Хезболланын” күчтөрүнө кол салып, коркунуч туудуруп жатканын билдирди. Ал кол салуунун мөөнөтүн айткан жок.
"Хезболлахка" таандык болгон көп күчтөр Сириянын президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрү тарапка өтүп, ага колдоо көрсөтүп келатат.
Сириядагы согуштун бир чети коңшулаш Ливанга тийип, чек арада салгылашуулар жана жардыруулар, аскерлерди барымтага алуулар болууда.
Өткөн жылы Сириянын өкмөттүк аскерлери “Хезболланын” күчтөрүнүн колдоосу астында чек араны бир тобун «Фронт ан-Нусранын» жана исламчыл күчтөрдөн бошоткон эле.
Бирок жихадчыл күчтөр дагы деле чек араны бойлой бекинип алып, кол салууларды улантууда.

























