Самидинова: “Мөл-Булак Финанска” кол салгандар карыз кардарлар эмес

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
- Published
“Мөл-Булак Финанс” микрокредиттик компаниясынын Ат-Башынын Казыбек айылындагы кеңсесинин документтерин өрттөө боюнча кылмыш иши козголду. Учурда айылдын үч тургуну сурак берип жатат.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Медина Султаналиева буларды билдирди:
“Бизге келип түшкөн арыз боюнча, окуя 6-майда күндүзгү саат ондо болгон. Отуздай белгисиз кишилер кирип келип, кеңсенин темир тор эшигин сындырышкан. Кызматкерлердин сактоодогу иш кагаздарын жана кредиттик папкаларды алып чыгып өрттөшкөн. Бул боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду, тергелип жатат”.
Микрокредиттик компанияга Казыбек айылынын 600дөй тургуну карыз. Алар алган акчанын жалпы суммасы 15 миллион сомго жетет. Кредит алгандар бүгүн Ат-Башынын акими менен жолугуп, компаниянын үстөгү жогору экенин айтып, аны азайтуу талабын коюшту.
“Компания ошол айылдан бир тамдын бөлмөсүн алып иштешет. Ал жерге отуз чакты киши келип, жанагыдай окуя болгону чын. Бирок азыр баары тынч, ызы-чуу чыгаргандын кереги жок. Элдин негизги талабы – кредиттин пайызын түшүрүү”, - деди Ат-Башынын акими Жакыпбек Субакожоев.
Айылдыктар элдин эсебинен пайда таап жаткан компания социалдык маселелерге да кол кабыш кылуусун талап кылышууда. Алар “Мөл-Булак Финанс” бир электр көмөк чордонун орнотуп, айыл клубун жылытып берсин дешет.
Компаниянын аткаруучу директору Айнагүл Самидинова Казыбек айылындагы 600 кардардан отуздайы төлөй албай кыйналгандар, бирок нааразы болуп келишкен эмес дейт.
“Биздин кеңсеге кол салып, коркутуу сөздөрүн айтып, документтерди өрттөгөндөрдүн арасында карызын төлөй албаган кардарлардын бирөөсү да жок. Биз бул окуяны сырттан уюштурулган деп жатабыз. Бирок ким экенин билбейбиз. Карызын төлөй албай калгандарга дайыма жардам берип келебиз. Казыбек айылындагы кардарларыбыздын 97 пайызы кредитин төлөшөт. Кечээ кол салгандардын жарымы чынында биздин кардарлар экен, бирок акчасын жакшы эле төлөп жаткандар. Республика боюнча 106 миң кардарыбыз бар, алардын үч пайызы акчасын кайтарып бере албай кыйнлагандар”, - деди Самидинова.
Ал компания 38-45 пайыздык үстөк менен, Улуттук Банктын талаптарынын чегинде иштегенин кошумчалады.
Ат-Башыдагы бул окуя бүт өлкөдөгү кредит алгандардын жалпы көйгөйүнүн бир мисалы. Банктардан, айрыкча микрокредиттик уюмдардан үстөк пайызы менен карыз алып төлөй албагандар митингдерди, ачкачылык акцияларын уюштурган учурлар Кыргызстанда көп болот. Алардын укугун коргоо үчүн түзүлгөн кыймылдын төрайымы Акылай Кенекеева кардарлар чынында алданып калат дейт:
“Мен мисалы, элди күнөөлүү деп айта албайм. Компаниялар баш-аламан кылып, паспортун алып келсе эле бере беришет. Бир үйдөн 5-10 киши карыз алып алгандар бар. Жумуш жоктугунан, кыйналгандыктан, башка уюмдардан карызы барлар келсе да акча беришет. Кредиттик компаниялар башында ар бир үйгө кирип, кагаздарын таратып, алсаң эле байып кетесиң деп үгүттөшөт”.
Акылайдын айтымында, Кыргызстан боюнча аларга 30 миндей карызы бар адам кайрылган. Банктар же кредиттик компаниялар алар финансылык сабатсыздыктан улам карызга батып калышаарын айтып келишет. Айыл жерлеринде 10-15 миң сом алып, аны мурунку карызына берип, 30-40 пайыздык үстөгү өсүп кеткенде жарыбаган акчанын айынан үйүнөн ажырагандар да бар.
Улуттук Банктын мурдараак берген маалыматы боюнча, өлкөдө кредитин төлөй албагандар жалпы кардарлардын үч пайызынын тегерегинде.





























