ИИМ: Экстремисттер Ошто тополоӊ салууну көздөйт

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы
  • Published

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкө түштүгүндө эл ичин ушак-айыӊ менен дүрбөтүп, тополоӊ чыгарууну көздөгөн күчтөр аракеттенип жатканын билдирүүдө.

Соӊку учурда түштүктө жашаган калк арасында массалык тополоӊ, улут аралык чыр-чатак чыгат, бандалар кол салып кирип келет деген ар кандай ушак-айыӊдар тарап жаткан.

«Мунун баары кара ниет күчтөрдүн, атап айтканда экстремисттик жана террордук күчтөрдүн элди коркутуп, дүрбөтүү менен кырдаалды бузуп-жарууну көздөгөн кезектеги аракети катары бааланууда. Соӊку учурда эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдар кырдаалды бузуш үчүн маалыматтык-психологиялык жол менен адамдардын аӊ-сезимине таасир этүү ыкмаларын тандашууда»,-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

“Майрам учурунда эл чогулган жерге барбагыла, башаламандыктар болот» деген билдирүүлөр телефонго WhatsApp аркылуу келип жатканын айтып, шаар тургундары арасында кабатырлангандар болууда.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салиев мындай ушак-айыңдар коомчулукту дүрбөлөңгө салуу үчүн атайын уюштурулуп келатканын айтып, чынында кырдаал көзөмөлдө жана туруктуу деп билдирди.

“Эч кандай улут аралык чыңалуу жок. Биз ушундай таратылган ушактардын үстүнөн иштеп жатабыз. Мындай ушактарды таратуудан алыс болгула деп тургундарга кайрылат элем. Буга чейин деле ушундай ар кандай ушактарды таратып келишкен. Бул жөн эле майрамдар алдындагы элди дүрбөлөңгө салуу аракети. Буга эми ким кызыкдар? Диний эстремисттик уюмдун өкүлдөрү, же деструктивдүү ар кандай күчтөр болушу мүмкүн. Бирок алардын ушактарына ишенип дүрбөлөң түшүүгө негиз жок”,-деди Раим Салиев.

Кыргызстандын Ош аймагында 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү күндөрүнүн алдында ар кандай ушак-айыңдар таратылып, элди кооптонууга салган учурлар катталып келатат. Бул жолу андай ушак-айыңдар май майрамдары алдында күчөгөн.

Ушундай учурда Ош шаарында өзбек кварталдарында түндөсү үйлөрдүн эшигин каккылап жүргөн он эки чет элдик кармалганы кечээ айтылган эле. ИИМ бул боюнча түшүндүрмө берип, кармалгандар миссионердик иш жүргүзүп жүргөндөр экенин айтты.

Алар Баткенден Ошко келип, таанышын издеп жүргөн. Бул жагдай ушактар тарап жаткан учурга туш келип калгандыктан квартал тургундары калпакчан жүргөн чет элдиктерди көрүп кооптонуп, милицияга кабарлаган экен.

Милиция кармап келген он эки чет элдик жаран түшүндүрүү иштеринен кийин кайра бошотулганын айтты.

Учурда Ош аймагында бардык коомдук жайлар, базарлар, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар мурдагыдай эле иштеп жатат.