Кадамжайда жер ала албай жүргөндөр арызданып Бишкекке келди

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Баткен аймагында чек арадан сырткары жер, суу маселеси да курч турат. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары үй курууга жер тилкелерин көп жылдан бери алалбаганын айтып, Бишкекке чейин келишти.
Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарлардын тегерегинде жер тилкесинин тартыштыгы, аны талашуу көйгөйү көндүм деле болуп калган. Бирок жер кеңиридей сезилген чек ара аймактарында да жер жоктугунан ата-энеси менен үй-бүлөлүү үч-төрт баласы чогуу тургандар бар. Баткендин Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн 50дөй киши жер алалбай жүргөнүн айтып коррупцияга каршы кыймылга кайрылышкан. Алардын бири Ибрагим Эрманасов үч баланын атасы:
“Бир үйдө үч-төрт үй-бүлө жашагандар бар. Менин ата-энемдин колунда үч келин болгондуктан батирге чыкканга туура келди. Колунда акчасы барлар жергиликтүү өз алдынча бийликке тымызын акча берип, үй курууга жер алышат. Түн ичинде бөлүп берген учурлар болот, антпесе күндүзү эл ызы-чуу чыгарат”,-деди Ибрагим.
Жер алууга борбордук бийликтин жардам берүүсүн сурап, Бишкекке чейин келген үчкоргондук жашоочулардын арасында документ түрүндө жер бөлүнгөндөрү бар. Пенсия жашындагы Акылай Абдуллаеванын чогуу жашаган уулуна жер бөлүнгөн, бирок алалбай келет. Башка балдарынын үй сала турган жери да талашка түшүп жаткан экен.
“Жер бөлүндү деген токтом чыккан, биздин аты-жөнүбүз тизмеде бар экен. Бирок кайсы жер экенин көрсөткүлө десек да көрсөтүшпөйт. Карып баратабыз, жерди тосуп, таш төгүп, бак тигишибиз керек дедик. Мурда алган баламдыкы болсо талашка түшүп жатат. Анын токтомунун үстүнөн бирөө дагы токтом чыгарып келип, меники деп коркутуп жатат. Өзү суу чыгып, бузулуп бараткан жер. Бактарды тигип койсок жарылып баратат. Биздин айылга карабаган, башка жактан келгендерге жерлер сатылып кеткен. Эми алар кайра 12 сотых жерди 100-200 миң сомго сатабыз деп жатышат”, - деди Акылай Абдуллаева.
31 миңден ашык калк жашаган Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн айрым жашоочуларынын бул жер маселеси жети-сегиз жылдан бери чечилбей келатат. Алар буга айыл өкмөт башчысы Акматжан Абдрахмановдун коррупциялык аракеттери себеп дешет. Жергиликтүүлөр коррупцияга каршы “Люстрация” деген кыймылга кайрылышкан.
Анын Баткендеги өкүлү Роза айыл өкмөт башчысы жер гана эмес, кен иштетүүдө жана башка тармактарда да өз чөнтөгүнүн камын ойлойт, жогорку бийликтегилердин көзөмөл кылуусун талап кылып жатабыз дейт:
“Бул массалык түрдө болуп жатат. Айыл бийлигиндегилер 51 кишинин жерин алып алган. Жалпы аянты жети гектар. Бул деген факттардын бирөөсү гана. Бюджет акчаларын өз кызыкчылыгына жумшап келет. Баткен облусуна жетекчилик кызматтарга таза адамдарды коюшса, ушундай көйгөйлөрдү караган бирөө болсо дейбиз”.
Айыл өкмөт башчысы Акматжан Абдрахманов 2013-жылы бул кызматка келгенде жер маселеси бар экенин айтып, ызы-чуунунун башталышын мурдагы бийликтен көрдү:
“Бул жерде айыл өкмөт жетекчилеринин күнөөсү жок. Буга сиздерди ишендирип айтам. Менден мурдагы башчылар туугандарына сатып, башкаларга сатып маселе чыккан. Аны эми биз териштиребиз. Тишелүү органдарга кайрылып жатабыз”.
Айыл өкмөт башчысынын аракеттерине район акими көз жумуп жатат деген жашоочулардын сөзүн Кадамжайдын администрация башчысы Акрам Мадумаров четке какты. Анын айтымында, айыл элин өкмөт башчысына каршы тараптар колдонууда жана бул жерде бийлик талашуу маселеси жатат. Мадумаров Үч-Коргондо чынында жер алалбай жүргөндөр жок эмес, бул маселени 1-июнга чейин чечип беребиз деп убада берүүдө.
“Ушул мезгилде айыл өкмөт башчысы тарабынан жер сатылды деген факт жок. Ал эми мурда шаардан келгендерге же башкаларга жерлер сатылып кетти деген тууралуу так айта албайм. Андай болсо тартип коргоо органдары териштириш керек”,-дейт Акрам Мадумаров.
Кадамжай району Өзбекстандын төрт району жана бир шаары менен чектешет. Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш Баткен аймагында дегеле жер маселеси, суунун тартыштыгы такай көйгөй болуп келет. Ал айрыкча жазда курчуйт.





























