Кыргызстан: мигрантты күттүргөн жеңилдиктер

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Еразия экономикалык биримдигине Кыргызстан толук киргенден кийин эмгек мигранттары Орусияда тил, тарых сынактарын тапшырбайт. Мугалим жана врачтан башкаларынын дипломдору мүчө өлкөлөрдө жарайт. Орусиядагы азыркы патенттин ордуна эмгек келишими менен иштешет. Бирок бул мигранттарга канчалык жеңилдик алып келет? Пол жуугуч же эшик шыпыргыч менен келишим түзчү ишканалар көп болду бекен?

Иш келишими көптү чечет

Евразия экономикалык биримдиктин келишимине ылайык, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Белоруссия жана Орусия жарандарынын бири-биринин өлкөсүнө кирип-чыгуу шарттары бирдей.

Бирок Кыргызстанды эмгек мигранттары агылган Казакстан менен Орусия кызыктырат. 8-майда кол коюлган келишим ратификацияланса, Орусияда жумушка кирүү үчүн орусчадан, тарыхтан сынак тапшыруу, медициналык текшерүү талап кылынбайт. Патент эмес иш келишим менен иштешет. Мүчө өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар 30 күнгө чейин миграциялык каттоосу жок жүрө алат. Бул азыр Орусияда жети күндү түзөт. Каттоого тургандан кийин жөн эле жүрөм десе 90 күн берилет, андан соң жумушка кириш керек.

Алмаз Асанбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Асанбаев

“Миграциялык каттоо деген жумушка байланышпаган башка нерсе. Бул – “мен ушул жерге келдим, жашап баштадым” деген түшүнүк. Мисалы, орус жараны Пензадан Москвага келсе, ал да отуз күн ичинде каттоого туруш керек. Ал эми жумушка кирүүдө азыр биздин жарандар уруксаат алат, аны алыш үчүн сынак тапшырат, медициналык текшерүүдөн өтөт, кезек күтөт. Ал эми биримдикке толук киргенде иш берүүчү менен келишим түзүп, түздөн-түз барып иштей беришет”, - деди Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев.

Иш келишимдин мөөнөтү канча болсо өлкөдө калуу мөөнөтү ага барабар болмокчу. Көп нерсени иш келишими чече турган болууда. Мигранттар патенттин баасына арызданып келишкен менен келишим түзүп, ишке расмий орношпогондор учурунда четтен чыкчу. Мисалы, ишканалардын баары эле пол жуугуч же эшик шыпыргыч менен түзүлчү келишим үлгүсүн камдап койгон эмес. Демек жумушка сени ооз эки алса, дагы деле текшерүүдөн качып жүрүүгө туура келет.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштеген Нурбек Оморов иш келишими дүйнөлүк практика жана ал толук колдонулса жумушчунун укугун коргоочу эң жакшы документ экенин айтууда:

“Кыргызстан биримдикке толук кирээри менен мигранттардын бүт көйгөйлөрү чечилип, бардык суроолорго жооп табылат дегенге болбойт. Айтылып жаткан өзгөрүүлөр чоң процесстин башталышы гана. Ал улам жакшырып, өзгөрүп отуруш керек. Келишим ратификацияланып, жоболор иш жүзүнө ашып баштаганда, биз эл аралык уюм катары байкоо салабыз. Кемчиликтер болсо, бардык мүчө өлкөлөргө сунуштарды беребиз”.

“Эмгек мигранттары эки анжы абалда”

Нурбек Оморов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Оморов

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев көптөн бери убада кылынган жеңилдиктер эмгек мигранттарын ушу тапта кайра түшүнүксүз абалга кептегенин билдирди.

“Айтылып жаткан жеңилдиктер биздин мигранттарга салыштырмалуу көп шарт түзөт. Бирок “кирдик, жасадык, бүттү” деген менен турмушта абал башкача. Орусиядагы мигранттарыбыз азыр экин анжы абалда калышты. Орусиядагы мигранттардын арасында 8-майды эле күтүп жүргөндөр бар болчу. Айрымдары патент албай койду, келишим эми ратификацияланаарын билгендер патентин качан узартышын билбейт же мөөнөтү өтүп баратат. Алар да кара тизмеге кирип калышы мүмкүн”, - деди Айтбаев.

Кара тизмеде болжолдуу 77 миң кыргызстандык бар. Жаңы шарттар аларга жардам бербейт.

Келишимдин миграцияны жөнгө салчу эрежелери Орусияга, Казакстанга жогорку даярдыктагы, билимдүү адистердин кетүүсүнө көбүрөөк жол аччудай. Кыргызстанга мүчө өлкөлөрдөн болсо эмгек мигранттарынын кирүү кызыкчылыгы жогору эмес экени белгилүү.

Өлкөлөр кесипкөй адистерди алып кетүүгө шарт түзөбү?

Азамат Айтбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Айтбаев

Эл аралык миграция уюмунун Москвадагы өкүлү Павел Шалусь кадрлардын чыгып кетүү тобкелчилиги бар, бирок келишим мурдагыдан айырмаланып, мигранттардын жок дегенде баш-аламан кетүүсүн жөнгө салат дейт:

“Ооба, мындай тобокелчилик бар. Бирок баары айлык акы менен көзөмөлдөнөт. Азыр рубль арзандап, Орусияда кризис болгондуктан ал жактын маянасы кыргызстандыктарды мурдагыдай кызыктырбайт. Мисалы, бул жерде 500 доллар алган куруучу ал жакка барып, чыгым кетирип жашап, иштеп эмне кылат? Бирок бул жерде 500 долларга иш табалбаган куруучу үчүн Орусияда мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болуп жатат”.

Шарттардын өзгөрүүсү менен Кыргызстандан мүчө өлкөлөргө эмгекке жарамдуу жарандардын көп чыгуусун Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өзү да божомолдоп жатат. Бирок алар иш издегендер Армения же Белоруссияга кетпейт дешет. Министрликтин прогнозунда, Казакстанда азыр расмий 25 миң кыргызстандык болсо, ал 80 миңге жетет, Орусияда расмий 500 миңдей болсо, 600 миңге чыгышы ыктымал.