Бурундидеги төңкөрүш ишке ашкан жок

Кечээ күнү өлкөнүн баш калаасы Бужумбурада полиция менен армиянын ортосунда кагылышуулар орун алган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кечээ күнү өлкөнүн баш калаасы Бужумбурада полиция менен армиянын ортосунда кагылышуулар орун алган.
Published

Бурундидеги президентти кетирүүгө аракеттенген аскер тобунун өкүлү төңкөрүш ишке ашкан жок деп билдирди.

Генерал Сайрилле Ндайихрукийе француздук маалымат агенттигине берген интервьюсунда көптөгөн аскер адамдары бийликте азыркы эле президентти көргүсү келет деп айтты.

Буга чейин өлкө президенти Пьер Нкурунзиза Бурундиге кайтып келгени айтылган. Ал Танзанияда деп айтылып жаткан эле. Президенттин администрация өкүлдөрү Би-би-сиге анын кайтып келгенин тастыкташты. Бирок кайсыл жерде турганын айтуудан баш тартышты.

Мамлекет башчысынын кызматтан алынганы туралуу маалыматты ушул жылдын февралында кызматынан четтетилген мурдагы чалгын кызматынын жетекчиси, генерал Гоудфройд Нийомбаре жарыялаган. Бул учурда президент Пьер Нкурунзиза расмий иш сапары менен коңшулаш Танзанияда болгон. Көп өтпөй президенттин кеңешчиси бул кабарды аскерлердин тамашасы деп атаган эле.

Кечээ күнү өлкөнүн баш калаасы Бужумбурада полиция менен армиянын ортосунда кагылышуулар орун алган.

Президенттин үчүнчү мөөнөтүнө каршы нааразылык акциялары мындан эки апта мурда тынч мүнөздө башталган эле. Андан бери массалык толкундоолор күч алып, 50 миңден ашуун киши бул чакан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.