Соттук-медициналык экспертиза: секелек кыздар зордукталган эмес
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Бишкектеги балдардын коргоо уюмдары өткөн аптада алты жана он жашар кызды зордуктады деп шектелген киши апта соңунда кыздарды ооруканадан уруксатсыз алып кетти деген кабарлардан кийин, бул окуяны толук иликтөө талабы менен премьер-министри Темир Сариевге кайрылышты.
Активисттер жана кыздарды караган доктурлар кыздар зордукталганын айтууда. Милиция органдары жана соттук-медициналык экспертиза зордуктоо болгон эмес дейт. Ал ортодо, дагы бир алты жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды.
Балдардын укугун коргоочулар өгөй атасы зордуктады деп шектеп жатышкан эки кыз дем алыш күндөрү ооруканадан чыгарылып кеткен. Алар кыздарды карап жаткан энесине да шектүү тараптан басым болуп келгенин айтышууда. Апасы он жаштагы улуу кызын зордуктады деп ноябрда милицияга кайрылганда, күйөөсү жана анын туугандары коркутуп, тосмо арыз жаздырышкан.
Балдардын укугун коргоочулар бүгүн мындай окуялар көз жаздымда калбаш керек деп өкмөткө, ички иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке кайрылышты.
“Анткени кылмыш далилдениш үчүн көп тармактан өтүш керек. Алар жакшы иштебейт, органдардын бири-бири менен иш алып баруусу жолго коюлган эмес. Балдарга карата зомбулук болгондо милиция кызматкерлерге жалдырап калабыз. Алар көбүнчө чоңдор менен иштеген үчүн балдардын окуясына өзгөчө мамиле керек экенин сезе беришпейт. Ошондуктан биз ички иштер министри Мелис Турганбаев балдарга каршы кылмыштардын бетин ачууда реформа жасаса деп суранабыз”,-деди Назгүл Турдубекова.
Энеси кызына сексуалдык зомбулук жасоого күбө болгонун айтканына, жарандык никедеги күйөөсүнүн үстүнөн экинчи жолу арызданганына карабай ишти соңуна чыгара албай жатат.
“Шанс” кризистик борборуну өкүлү Елена Ткачева апасы дагы зомбулуктун курмандыгы дейт. Айтымында, курмандыктар окуянын түздөн-түз катышуучусу болгондуктан өз жанын куткаруунун аракетинде болот.
“Чындыгында зордук-зомбулук көп учурда физикалык жаракат алуу менен коштолбойт. Биз денесине залакат келтирип, уруп-согуп, качып жүргөндөрдү кинодон көрөбүз. Ал эми жашоодо мындан ары тагдырым эмне болот деген нерсе менен алек болушат”, - деди Ткачева.
Балдардын укугун коргоочулардын айтымында, алты жана он жаштагы бир тууган кыздарды зордуктоо биринчи жолу болуп жаткан жок. Алардын билдирүүсүндө, соттук-медициналык экспертиза, милиция ишти аягына чыгарбоого кызыкдар.
Өткөн аптада экспертиза жүргүзүп баштаган Аламүдүн райондук соттук-медициналык экспертизанын эксперти Арслан Качкынов корутунду чыга электигин, кыздардын энеси ноябрдагы экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кайра кайрылганын, зордуктоонун дагы кайталанганы тууралуу арыз жок экенин айтууда.
Милиция болсо ноябрда соттук-медициналык эскпертиза кылмышты далилдебегенин, бул жолу териштирүү жүрүп жатканын айтууда.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев бул сыяктуу кылмышты милиция жашырууга аракет кылат деген дооматтарга далил жок дейт:
“Милиция ушул сыяктуу фактылардын бетин ачып жаткан үчүн ачыкка чыгууда. Биздин штат кеңейтилбегенине карабай, борбордук штатты кыскартып, жер-жерлердеги кызматкерлерди көбөйттүм. Милициянын өзүнөн эч нерсе көз каранды эмес. Бул үй-бүлөдөгү тарбиядан, коомдогу абалдан, журналисттердин жумушунан, баарыбыздан көз каранды. Милицияны күнөөлүү дегенге болбойт”.
Анткен менен укук коргоочулар балдарга каршы сексуалдык зомбулук көрсөткөн окуялар толук тергелбей же сотко жетпей калганын айтууда. Мындан улам алар бардык тарапты бирге иштөөгө чакырып, жазалар күчөтүлсө дешет. Балдарга кайрымдуулук кылуу менен алектенген Дина Аляева балдар маселесинде эч ким акчага сатылбаш керек дейт.
“Мурдагыга салыштырмалуу коомдо ачыкка чыга баштады. Бирок көп нерсе азыр мамлекеттин мамилесинен көз каранды болуп турат. Жазаны күчөтүш керек, балдарга зомбулук кылчу адам кандай болбосун табылып, жазага тартылаарын, эч кандай акча аны куткара албашын биле тургандай болуш керек”.
Ал арада ушул дем алыш күндөрү Бишкекте дагы бир адам алты жаштагы бакма кызын мас абалында зордуктаганы аныкталды. Бирок бул киши жогорку окуядан айырмаланып, убактылуу камакка алынды.
Биринчи окуядагы эки кызды дарылап жаткан дарыгерлер алар сексуалдык зомбулукка кабылганын айтышкан. Ага карбай, ар тараптын маалыматы ар түрдүү чыгууда. Ал эми укук коргоочулар кыздар менен энесинин коопсуздугу үчүн тынчсызданууда. Божомолдорго ылайык, алар зордуктоого шектүү менен бирге болушу ыктымал.





























