Чыгармачыл балдардын коопсуздугу талкууланууда

    • Author, Мээрим Кайыпсагын
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Жогорку Кеңеште киного тартылган жана театр, циркте иштеген балдардын коопсуздугун укуктук жөнгө салуу маселеси талкууланып жатат. Жогорку Кеңеш жакында балдардын эмгек акысы менен коопсуздугун коргой турган мыйзам долбоорун карамакчы. Эл аралык уюмдар мындай мыйзам кыргыз коомуна керек десе, кино тармагындагы адистер анчалык зарылдык жок экенин айтышат.

Жогорку Кеңеште 14 жаш курагына жете элек балдарды кинотасмага тартардан же цирк оюндарына катыштыруудан мурда алардын коопсуздугу үчүн атайын эмгек келишимин түзүү керек деп жатышат. Күн тартибинде турган мыйзам долбооруна ылайык концерттик, кинотасма, цирк уюмдары балдардын ата-энесинин жазуу түрүндөгү макулдугу менен аларды иштете алышат.

Мыйзамды сунуштап жаткан депутат Максат Сабиров:

"Балдарды киного алып барып тарттырып жатабыз,тамадалар менен биргеликте ырдатып, бийлетип жүрөбүз, пайдаланабыз. Бирок акысын төлөп бербей жатабыз. Бул балдардын эмгеги. Чет өлкөлөрдө таланттуу балдардын баары 14-15 жашка чыга электе эле миллионер болуп калышат. Бизде таланттууларды чыгара албай жатпайбызбы. Себеби, биз балдарды пайдалангандан соң таштап койгон жайыбыз бар. Бул мыйзам долбоору бир жагынан баланын эмгекке болгон укугун коргосо, экинчи жагынан аларга финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет."

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров өз тасмаларында балдар менен көптөн бери иштешип келет.

"Базар экономикасына ылайык, башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да жаш балдар менен атайын келишим түзүлүп, чоңдордукундай акы төлөнөт. Ошондой эле Кыргызстанда азырынча актер балдардын психикасын буза турган зордук-зомбулук сценасы бар кинотасмалар тартыла элек. Бул кызыктыдай долбоор болуп жатат. Кинодо чыгарма жаратуудагы зордук-зомбулукка чек коюнун ордуна азыркы кыргыз коомчулугунда болуп жаткан реалдуу балдарга болгон кордуктарды азайтуу керек. Чыныгы жашоодогу көйгөйлөрдү чечпестен, чыгармачыл чөйрөнү, анын ичинен кинону ооздуктайбыз деген кызыктыдай мыйзам долбоорун чыгара беришет. Анын үстүнө Кыргызстанда эч качан жаш бала кино аркылуу миллионер боло албайт. Ал түгүл өмүр бою эмгектенип, бүтүн өмүрүн чыгармачылыкка арнаса да мындай деңгээлге жетпейт." ", -дейт режиссер.

Бул маселени көтөрүп жаткан эң биринчи эл аралык эмгек уюму экенин айта кетели. Аталган уюмдун улуттук координатору Болотбек Ороковдун айтымында, жаш балдардын кандай иш болсо дагы, анын ичинде чыгармачылык иштерге тартуунун өзү мыйзам бузгандык болуп саналат.

"14 жашка чейинки балдар ата-энесинин уруксаты барбы же жокпу ден соолугуна кооптуу болгон ишке аралашпашы керек. Конституция боюнча мыйзамсыз балдар эмгеги тыюу салынган. Ал түгүл кылмыш жаза кодексинде бул маселе боюнча жоопкерчилик бар.", деди Болотбек Ороков.

Эл аралык уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүндө жүз миңдеген жашы жете элек балдарды эмгекке мыйзамсыз тартуу улантылып жатат деп эсептешет. Балдар көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн акча табуунун булагына айланган. Азыркы учурда мындай балдардын канчасы чыгармачыл чөйрөдө иштегендиги боюнча так маалымат жок. Бирок алардын көпчүлүгү эмоционалдык, руханий жана физикалык жактан кооптуу жайларда иштешет.