Мыйзамсыз берилген миңдеген паспорттор үчүн эч ким жооп бере элек

    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар жөнүндө уу-дуу сөздөр көптөн бери коомчулуктун кулагынан түшө элек. Ички иштер министрлиги кырк миңден ашык паспорт мыйзамсыз берилгенин, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөнүн билдирген.

Милиция паспорт маселесиндеги баш-аламандык, мыйзамсыздык үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык фондко жоопкерчиликти жүктөп келатат. Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова Жогорку Кеңештин алдында кырк миң паспорт мыйзамсыз берилген деген маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, 2014-жылы кырк эки миң адам жеке маалыматтарын өзгөртүп, башка паспорт алган, буга мыйзам жол берет. Бирок алты миңдей адам пин-коддорун өзгөртүп, башка паспорт алган. Аны ички иштер органдары териштирүүдө. Пин-коддор үчүн Каттоо кызматы жооп бербейт, аны берген мамлекеттик орган Социалдык фонд.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жетекчиси Кенжебек Бокоев өз кезегинде Кыргызстандын паспорту кылмыштуу топтор жана чет өлкөлүк жарандар үчүн оӊой эле колго тие турган жолдогу документ болуп калганын белгилеп, бул жакта мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугун сынга алды.

"Коңшу мамлекеттин жарандарына паспорттор мыйзамсыз берилген. Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаң болгон кээ бир документтер архивде күйүп кеткенине байланыштуу ушундан пайдаланып, Өзбекстандын жана башка коңшу өлкөлөрдүн жарандарына паспорттор көп санда берилип кеткени аныкталган, кылмыш иштеринин негизинде. Алардын ичинде Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнө берилип кеткендери бар. Казакстандык олигарх Аблязов кыргыз паспорту менен качып жүргөнүн уккансыздар. Грузиянын жарандары жана кримавторитеттери биздин аба майданынан кармалганда да, алардын жанынан биздин паспорттор чыккан",-деди Кенжебек Бокоев.

Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев тартип коргоо органдары тарабынан 271 мыйзамсыз берилген паспорт алынганын билдирүүдө. Анын айтымында, кармалган жана суралган адамдар миң доллардан пара берип, паспортту мыйзамсыз алганын тергөө учурунда мойнуна алып жатышат.

"Сурак учурунда ошонун 95% көрсөтмө беришти миң доллардан бергенбиз деп. Он бир киши жоопко тартылып жатат, эки киши камакта. Он бир кишинин төртөө ортомчулар эч жерде иштебеген. Миң долларды алпарым ортомчуга берет, ортомчу жаңы пин, жаңы паспорт берет. Ушул коррупциялык схеманын үстүнөн иштеп жатабыз. Он эки киши төрт-беш жолудан паспортту алмаштырган пин менен кошо",-деди Калыбек Сатыбалдиев.

Депутттар паспорт берүүдөгү баш-аламандыкты, ээнбаштыкты тыюуну, буга жоопкер адамдарды жазалоону талап кылышууда. Бирок бул тармактагы кыңыр иштердин бети толук ачыларына ишениш кыйын дешет. Анткени депутаттардын баамында, бул жакта биринин былыгын экинчиси жапканга кынык алган, чырмалышкан, укук коргоо органдарынын оңой менен тиши өтпөгөн система тамырлаган.