Алмазбек Атамбаев: Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон каргашалуу окуялардын беш жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчы өзүнүн кайрылуу сөзүндө беш жыл мурда өлкө түштүгүндо болгон кайгылуу окуяларды акыркы 50 жыл ичинде ушул аймактагы этностор аралык карама-каршылыктардан келип чыккан үчүнчү жолку кагылышуу болгонун белгиледи.
"Ал эми июнь трагедиясынын отун сырткы күчтөрдүн тукуруусу менен ички бузуку күчтөр тутандырышты. Сепаратисттердин анабашчылары Кыргызстандын жаңы бийлигине өз эркин таңуулап, күч көрсөткүсү келди. Элдик революциянын эпкини менен кулаган мурдагы режимдин өкүлдөрү да өлкөнү бөлүп-жаруу менен болсо да, бийликке кайра келүүнү самашты. Алар бул жолкусунда Чүй өрөөнүндө жеңилип калгандарын эске алышты. Бузукулар кыргыз жана өзбек коомчулуктарынын ортосунда ондогон жылдар бою топтолуп келаткан карама-каршылыктарды гана эмес, атайын кызматтардын эң булганыч ыкмаларын колдонуу менен кырдаалды курчутушуп, эл ичин дүрбөлөңгө салышты. Тилекке каршы, кагылышуу башталганда адамдар чагымчыларга алданышып, кызыкдар күчтөр таркаткан имиштерге ишеништи. Адам курмандыктарынын жана кыйроолордун масштабдары биздин мамлекетибиздин келечегине олуттуу коркунуч жаралганын күбөлөндүрүп турду",-деп айтылат кайрылууда.
Президент трагедиянын оор кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана оор иштер бүгүн да уланып жатканын белгилеп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу этностор аралык мамилелер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлгөнүн, кыргыз тили мамлекеттик тил катары элдерди бириктирип, этностор аралык тилге айланып баратканын айта кетти.
"Ош шаарында жашаган өзбек калкынын көпчүлүгүнүн кыргыз тилинде сүйлөй баштаганы улуттар ортосундагы мамиленин жакшыруусуна жол ачууда. Ушундан улам бүгүн этникалык азчылыкты түзүшкөн калктар туш болуп жаткан проблемаларды чечүүгө да башкача мамиле калыптанууда. Эгерде мурда “ар түрдүүлүк” биринчи деп көптөрү ишендирип келишсе, эми бардык жарандарды өз өлкөсүн – Кыргызстанды сүйүп, мамлекеттик символдорду, тилибизди, тарыхыбызды жана маданиятыбызды сыйлоого тарбиялоо биринчи кезектеги милдет экени түшүнүктүү боло баштады",-деди президент.
Алмазбек Атамбаев июнь окуяларынын себептерин жана тереңдеги тамырларын жоюудагы жетишкендиктер менен бирге катачылыктар жана кемчиликтерге токтолду:
"Укук коргоо органдарынын ишиндеги аша чапкандыктар жана адам укуктарын бузуулар токтой элек. Бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерден улам этностук азчылыктардын өкүлдөрүн мамлекеттик кызматка тартуунун системасы али күнгө чейин иштелип чыга элек. Ушунун баары адамдардын ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө жолтоо болууда. Кыргызстанда өздөрүн чоочун сезгендер да жок эмес".

























